ЖКК инспекторлорунун эреже бузууларын видеого тарткан активистти милиция “сабады” [+ ВИДЕО]

Милициянын жол эрежелерин бузуу жөнүндөгү видеолору менен белгилүү болгон активист Болот Ибрагимов 5-июлда укук коргоо органдарынын кызматчылары тарабынан “ур-соккуга алынган”. Милициялар муну четке кагууда.

Окуя 5-июль эртең менен Тынчтык проспекти менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде болгон - Ибрагимов Kloop.kgге берген маегинде, токтотууга мүмкүн болбогон жерде милициянын машинасынын турганын көрүп, Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) инспекторлоруна эскертүү берүү үчүн жакындап баргандыгын айтты.

“ЖКК кызматчысы маршруттун айдоочусун коё бергенден кийин мени менен сүйлөшөөрүн айтты. Киийн машинадан үч формачан кызматкер чыкты, бирөөсү куралчан эле, үчүнчүсү штат формасында. Машинадан чыгып эле колдорумду бурай башташты”, - дейт ал.

Ибрагимов милиционерлерден эмне үчүн мындай кылгандыгын суроого аракет кылган, бирок анын айтымында, алар жооп катары аны ура башташкан.

“Менин коё берилишимди айтып, маршруткадан жүргүнчүлөр чыга башташты. Милиционерлер мени муунта башташты. Качып чыгууга аракет кылдым. Эки-үч жолу жардам сурап кыйкырдым. Кийин милиция кызматкерлери ичиме, бутума уруп, бут кийимимди чечип салышты”, - деп баяндады активист.

Кийин Ибрагимовду Биринчи май милиция бөлүмүнө алып келип, анын айтымында, аны дагы сабашып, кыргызча түшүндүрмө жазууга мажбурлашкан.

“Мен, албетте, кыргызча билем, бирок анчалык жакшы эмес. Ал жерде аябай жаман жазылган, себеби мен жазып жатканда алар мени уруп жатат эле. Мени коркутушту. Болбогон нерсени жазууга мажбурлашты. Менин мыйзамды бузуп, куралдуу адамдарды тарткандыгымды жаздым”, - деди Ибрагимов.

Учурда активист ур-соккуларды далилдегенге аракет кылып жатат - Ибрагимов менен көрүшкөн Kloop.kgнин кабарчысынын айтымында, активист башын оңго солго бура албай калган, анын мойнунда кан шишик жана көгөрүүлөр көрүнүп турат.

154253-1024x546

“Каракуш жана моюндун ортосунда гематома бар. Колунда болсо чоң шишиктер. Колунда жана далысында тытылган жерлер. [...] Экспертин айтымында, соттук медэкспертизанын жыйынтыгы тергөөчүгө өткөрүлүп берилет, анан ал кылмыш ишин козгош керек же жоктугуна чечим чыгарат”, - деп айтты Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейне.

154252-1024x545

Милиция: “Ур-соккулар болгон жок”

Бишкек милиция штабынын басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Kloop.kgге берген маегинде, Ибрагимовду эч ким урбагандыгын айтты - анын айтымында, активист милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбейгендиги үчүн Биринчи май милиция бөлүмүнө жеткизилген.

“Анын жанында документтери жок эле. Милиция кызматкерлери анын ким экенин аныкташы керектигин айтышты. Аны Биринчи май ички иштер башкармалыгына алып келишти. Аны машинага отургузабыз дегенде, ал кыйкырып, баш тартты. Бирок натыйжада аны барыбир жеткизишти”, - деди басма сөз катчысы.

Ал кошумчалагандай, Ибрагимов өзү түшүндүрмө жазып, анда документи жоктугун жана “кайсы бир чиновниктин” көрсөтмөсү боюнча видео тарткандыгын жазган.

Басма сөз катчысы инспектордун жол эрежелерин бузгандыгын жокко чыгарды - анын айтыиында, “мындай нерсенин болушу мүмкүн эмес”.

“Алар патруль да. Алардын өз каттамы бар. Алар көчөлөрдү патруль менен кайтарышат. Алар өздөрү жол эрежесин бузуусу мүмкүн эмес”, - деди ал.

Сеитов кошумчалагандай, учурда милиция ички териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгында укук коргоо кызматкерлери Ибрагимовду сабаганбы, же жокпу билинмекчи.

“Учурда Бишкек ШИИБнин жеке коопсуздук кызматы бул факт боюнча териштирүү жүргүзүп жатат. Иликтөөнүн натыйжасында ким күнөөлүү экендиги аныкталат. Акыркы тыянакты чыгарышпайт”, - деди бишкек милициясынын өкүлү.