Келдибековдун соту “ден-соолугунун начардыгына” байланыштуу жылдырылды

Парламентарий Ахматбек Келдибековдун үстүнөн сот иши анын ден-соолугунун начар абалынан улам 15-июлга жылдырылды. Депутат Соцфонддун жана салык кызматынын жетекчиси болуп турган кезде финансылык алдамчылыкка шектелип жатат.

Түз көрсөтүү (аяктады):

 

Текст түрүндөгү трансляция:

10:25 Соттук отурум Келдибековдун ден-соолугуну начардыгынан улам 15-июлга жылдырылды.

10:24 Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейненин кабарлашынча, сот жараяны азырынча баштала элек, учурда Биринчи май райондук сотунун имаратын 50дөй милиция кайтарып турат.

10:20 Kloop.kgнин редакциясы Соцфонддун жана салык кызматынын жетекчиси болуп турган кезде финансылык алдамчылыкка шектелип жаткан депутат Ахматбек Келдибековдун сот жараянынан түз көрсөтүүсүн баштай. Урматтуу окурман, окуянын жүрүшүнөн биз менен бирге кабардар болуп туруңуз.

Келдибековдун айыпталышы

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген жана “Ротак-Бишкек” компаниясына “жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен көчүрмө чыгарып берүүгө” 21 миллион сомду мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.