Видео: Бишкектеги батирлердин биринен үч машине толтура таштанды чыгарылды

Манас проспектисинде жайгашкан үйдүн «каңырсыган» жытка нааразы болгон жашоочулары коңшусунун батириндеги бир нече жыл бою чогулган таштандыларды чыгаруу үчүн «Тазалык» муниципалдык кызматын чакырышкан.

Бишкектин жашоочусу Любовь Кудряшова батириндеги таштандыны бир нече жылдан бери чыгарбай келген. Батирден чыккан каңырсыган жаман жытка нааразы болгон коңшулары акча чогултушуп, жумушчуларды жалдап, «Тазалык» муниципалдык кызматынан таштанды ташуучу унаа чакырышкан.

Коңшуларынын бири Апас Рыспеков Кудряшова «Плюшкин сыяктуу» токтоно албастан болбогон буюм-тайымдарды чогултуп, сактай берет деп эсептейт. Ал коңшусунун батиринен таштандыларды алып чыгаруу үчүн жүк унаасын үч жолу чакырууга туура келгендигин айтты.

«Күн сайын аз-аздан чыгарып жатабыз — [таштанды ташуусу жүк унаасы] дайыма толтура кетет», — деди ал.

Кудряшованын үйүндө болуп кайткан «Жашылдар» партиясынын активисти Александр Толмачев «Фейсбуктагы» баракчасына үйдүн кире беришинде, астанасында «адам чыдагыс» жыт жыттанып, сан жеткис үй коңузу жашай тургандыгын жазган.

«Үйдүн астанасында чыдагыс сасык жыт, сан жеткис үй коңуздары менен түрдүү жандыктар жашашат, а биринчи кабатта бейтапкана жана көптөгөн кардарлары бар! Адам чыдагыс жыт — 40 градустук ысыкта каңырсыган өтө жаман жыт! Санэпидемстанция эмнени карап жатат? Баса, саламаттыкты сактоо министрлиги да бул үйдөн алыс эмес», — деп жазган ал.

Батирдин жашоочусу болсо оор материалдык абалына даттанып, бирок таштандыларды алып чыгып кетүү аракеттерине эч кандай тоскоолдук кылган эмес.

«Мен өтө начар жашайм. Мен мунун [таштандыларды чыгарбоонун] туура эмес экенине макулмун. Кечирим сурайм», — деген ал.