Видео: «Советтик Кыргызстандын кызы» Бишкек мектебинин дубалында планшет жана кулакчын менен

Граффитчилер Бишкектеги мектептердин биринин дубалына Семен Чуйковдун белгилүү «Советтик Кыргызстандын кызы» деген сүрөтүн тартышкан. Анда чыгарма жаңы заманбап өзгөчөлүктөргө ээ болгон — сүрөттүн башкы каарманы кулакчын тагынып, колуна планшет кармап алган.

Сүрөт төрт кабаттуу мектептин бийиктигин дээрлик толугу менен ээлеген. Анын жаратуучулары — граффитчилер Дмитрий Петровский менен Евгений Макшаков — долбоордун үстүнөн 23-августта иштеп башташкан.

«Биз негиз катары кыргыз кызын алып, аны Бишкек шаарыбызга заманбап атрибуттар менен, тактап айткандай, кулакчын жана iPad менен жайгаштырдык. Реализм жана графика менен стрит-арт стилинде кылдык», — деди Петровский Kloop.kgге берген маегинде.

1948-жылы тартылган «Советтик Кыргызстандын кызы» — кыргыз сүрөтчүсү Семен Чуйковдун эң белгилүү сүрөттөрүнүн бири. Анын түп нускасы Москвадагы Мамлекеттик Третьяков галереясына коюлган.

Чуйков — Бишкекте туулган — советтик Кыргызстандагы адамдардын жашоо-тиричилигин, ошондой эле кыргыз жаратылышынын пейзаждарын чагылдырган сүрөттөрү менен белгилүү.