Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай Бишкектин Орто-Сай базарындагы колбаса сатуучусунун алдамчылыгынын курмандыгы болгондунун айтууда. Сатуучу ага 60 сомго кем тартып берип койгон.
Сатуучунун өзү кабарчыга колбасанын кем тартылып калынышына таразанын жакшы иштебей калгандыгы себеп болгондугун айткан.
Бишкектин Орто-Сай базарындагы колбаса сатуучуларга болгон даттануулар популярдуу «Дизель» интернет-форумунда талкуу жараткан темалардын бири болгон — анда колдонуучулар сатуучулардын аларга 60-80 сомго кем эсептеп тартып бергендиктерине даттанышкан.
Две звезды деген ысым менен катталган теманын автору колбаса үчүн 56 сом ашыкча төлөгөндүгүн жазган — ал алдангандыгын сатып алган колбасасын башка сатуучунун таразасына тартып көргөндөн кийин билген.
«Баасы 360 сомдон болчу. 200 сомго алгам, анан жемиш сатып алып жатып колбасаны таразага коюп көрсөм 144 сомго тартылыптыр. Мен эмне кылаарымды билбей деңдароо абалда калдым, бул болгон жарым кесим колбаса да! Жарым кесим колбасадан эле 56 сомго алдап кетти! А эң таң калычтуусу жемиш саткандар менден да катуу кыжырданышты», — деп жазган ал.
Колдонуучунун айтымында, анда сатуучу колбасага болгон бааларды алмаштырып алгандыгын айткан.
«Мага ал бааларын алмаштырып, кымбатыраак — 390 сомдукту берип алгандыгын билдирди. Ошондой болсо да 390 сомдукту тартканда деле кантип 152 чыгып калды?», — деп жазган Две звезды.