Видео: Кыргыз бийчилери АКШдагы хип-хоп фестивалында

Кыргызстандын We’ll be аттуу бий тобу августта Американын Лас-Вегас шаарында өткөн хип-хоп боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышкан. Бирок кыргызстандыктар сынактын финалдык бөлүгүнө өтө алышкан эмес.

Бишкектин We’ll be аттуу бий тобу HHI World Prelims хип-хоп боюнча дүйнөнүн чемпионатына катышуу үчүн Лас-Вегас шаарына августтун башында кеткен.

Сынактын сахнасына чыгуу үчүн команда хореографиясы тартылган видону жөнөтүп, алгачкы тандап алуу баскычынан өткөн.

Андан соң сынакка барып келүүгө акча топтоо максатында We’ll be Бишкектеги филармонияда жеке концертин берген.

Лас-Вегаста өткөн экинчи турунда командага дүйнөнүн бардык жеринен барган 100 команда менен күч сынашууга туура келген. Бирок кыргызстандыктар финалдык бөлүккө өтпөй калышты. Жеңүүчү болуп Филиппин, АКШ, Канада, Орусия жана Жапониядан барган 8 команда табылды.

HHI World Prelims чемпионаты — бий топтору хореография жана жеке багыттар боюнча күч сынаша турган дүйнөлүк сынак.