56 жаштагы Василий Саратовцев жеңил арабалар менен жарышуу спортунда алгачкы кыргызстандык чемпион болду. Ал Kloop.kgге өз жеңиши жана Москвада өткөн чемпионатта тартылган видеосу менен бөлүштү.
Чемпионат 6-7-сентябрь күндөрү Москванын борбордук ат майданында өткөн.
Кыргызстандык Василий Саратовцев он өлкөдөн барган атаандаштарынан озуп, Чабандестердин арасындагы XXVI эл аралык чемпионатта биринчи болду.
Мелдештер төрт негизги жарыштан турган — алардын экөөсүндө Саратовцевдин аты биринчи келип, упайларынын жалпы эсеби менен Кыргызстандын спортчусу жеңүүчү болуп табылган.
«Бул спорттун түрү боюнча Кыргызстандын тарыхында дүйнөлүк деңгээлдеги мындай ийгиликтер боло элек болчу», — деди Саратовцев.
Жеңил арабалар менен жарышуу спортунда таскак менен тез чуркай ала турган атайын аттар катышышат. Анын жүрүшүндө атты чиркелген эки дөңгөлөктүү жеңил арабада отурган чабандес башкарат.