Видео: Кыргызстандык окуучу кыз орусиялык таланттар шоусунда ырдады

15 жаштагы кыргызстандык Аяна Касымова аттуу кыз орусиялык «Артист» телешоусуна катышты. Ал Элвис Прэслинин «Unchained Melody» деген ырын аткарып, кийинки турга өттү.

Касымованын «Артист» таланттар шоусунда катышуусу 19-сентябрда «Россия-1» телеканалынын түз эфиринде көрсөтүлдү. Кыргызстандык кыз шоунун катышуучуларынын эң кичүүсү болду.

Шоунун эрежеси боюнча, катышуучулары телекөрүүчүлөрдүн болушунча көп добуштарына ээ болушуп, аткаруучуну аудиториядан бөлүп турган 70 пайыздык «тосмодон жеңип чыгуулары керек».

Аяна Элвис Прэслинин «Unchained Melody» аттуу ырын ырдап, добуштардын 80 пайызына ээ болуу менен кийинки турга өттү.

«Артист» шоусу — 2013-жылы популярдуу болгон Израилдин Rising Star деген музыкалык берүүсүнүн анологу.