«Свобода»: «Ислам мамлекети» Борбордук Азияга чыныгы коркунуч туудурат

Ирактын түндүгү менен Сириянын чыгышында кең аймактарды басып алган «Ислам мамлекети» уюму тараптан келиши мүмкүн болгон коркунучтар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бийлигин чындап эле тынчсыздандырды. Уюмдун катарын аталган аймактын согушкерлери толтуруусун улантып жатышат — азыркы тапта анда Борбордук Азия республикаларынан барган миңге чукул аскердин бар экендигин айтылууда.

Ирак менен Левантанын Ислам мамлекети (ИГИЛ) — Сирия менен Ирактын аймактарындагы радикалдуу ислам уюму — 2014-жылдын жайынан тарта Жакынкы Чыгыштагы башкы коркунучтардын бири болуп калды.

ИГИЛ 2014-жылдын июнунда Ирактын курддар менен шийит мусулмандары басымдуу кылган батыш жана чыгыш аймактарына масштабдуу чабуулдарын баштаган.

Бир айдын ичинде уюм ирактык бир нече шаарды басып алып, Ирактын борбору — Багдадка өтө жакын кирип барышкан.

ИГИЛдин жетекчилиги «Пиренейлерден баштап Ферганага чейин» «халифат» түзүү аракеттери тууралуу жар салган. Уюм 2014-жылдын сентябрында тараткан видеосунда Кавказ менен өлкөнүн түштүгүндө согуш чыгаруу ниеттери тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге эскертишкен.

Уюмдун «халифи» деп согушкерлердин лидери — Абу Бакр аль-Багдади жарыяланган.

Акыркы эки айдын ичинде ИГИЛдин согушкерлери үч видео таратышкан, анда алардын АКШ менен Улуу Британиянын үч журналистин өлтүрүп жаткандыктары тартылган.

АКШ башында турган НАТО уюмду «террористтик» деп атап, 2014-жылдын сентябрынан тарта ИГИЛдин позицияларын активдүү бомбалоосун баштаган.

Батыш жана орусиялык маалымат каражаттары уюмдун катары Жакынкы Чыгыштагы исламисттер тарабынан гана эмес, Европа өлкөлөрү, АКШ, Орусия жана Борбордук Азиянын согушкерлери менен да толукталып жаткандыгын билдиришкен.