Steel Drake деген каймана аттуу кыргызстандык дизайнер чет өлкөгө iPhone 8 смартфонунун концепти менен таанылды. Ал Kloop.kgге берген маегинде өз эмгегинен мынчалык популярдуулукту күтпөгөндүгүн айтты.

Steel Drake деген каймана ат менен белгилүү Олег Ермаков iPhone 8дин концептин эки аптанын ичинде түзүп чыккан — айтымында, телефон Audi RSD автоунаасынын концептинен кийинки «экинчи маанидеги» долбоор болгон жана дизайнер ал эмгегинен кийин мынчалык таанымал болоорун күткөн эмес.

«Мен телефонду жөн гана экинчи маанидеги эмгегим катары жарыялагам, анан тарап кетти [...] Мында да баары өзүнөн-өзү эле келди. Алгач бурчтарын текшилөө идеясы келди, анан калганы автоматтуу түрдө кетти», — деди ал.

Ермаковдун айтымында, негизинен ал өз эмгектерин жарыялаган соң аларды дүйнөлүк маалымат агенттиктерине, технологиялар тармагындагы серепчилерге жана ири компанияларга жөнөтөт.

Бирок ал iPhone 8дин концептин жиберүүгө үлгүргөн жок, атактуулук ага өзү келген — ЖМКлар анын бул эмгеги тууралуу өзулөрү жазып башташкан. Азыр Google издөө системасы «Steel Drake» «iPhone 8″» деген сөздү жазууда дээрлик 75 миң жооп таап берүүдө.

«Эч нерсе кылуу деле талап кылынган жок. Ал өзүнөн-өзү эле тарап кетти. Баса, мен [Apple компаниясынын башкы дизайнери] Джонатан Айвге [кат] жөнөттүм», — деди ал.

Айтымында, ал негизинен көбүнчө автоунаалардын дизайнын тартканды жактырат — анын эмгектеринин арасында Audi, Mercedes, Opel жана Mitsubishi автоунааларынын концептери бар. Дизайнер ал компаниялардын бири анын эмгектерин ишке ашырса деп кыялданат.

«Кайсыл бир батыш же жапон, же германиялык компания менин дизайнымдагы автоунааны чыгарса деп абдан кыялданам. Аны аябай эңсейм. Андай үлгүнү кармап көргүм келет», — деди ал.