Бишкек мэриясы шаардын жолдорун кардан тазалап жаткан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын унаалары тартылган видео жарыялады.

Бишкекте 7-декабрда жааган кар шаардын транспорт байланышына терс таасирин тийгизди — айдын алгачкы 7 күнүндө эле борборго жаан-чачындын бир айлык нормасынын 70 пайызы түшкөн.

7-декабрь күнү кечинде «Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн техникаларын жөнөткөн.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан Kloop.kgге кум менен туздун кампалардагы запасы азыр «жетиштүү» экенин, ошол эле маалда аларды ташып келүү улантылып жаткандыгын билдиришти.

«21:00дөн тарта «Тазалыктын» кызматкерлеринен турган үч бригада шаарды кардан тазалап башташты. Кардан тазалоочу 27 даана техника ишке чыкты: 5 — трактор, 4 — грейфер жүктөгүч, 2 — ЗИЛ КДМ жана 16 — МАЗ КО- 806», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Жааган кар кээ бир жол чырактарын иштебеген абалга алып келген. Kloop.kgнин оператору Владимир Цай Бишкектин борборундагы иштебеген жол чырактардын бирин видеого тарткан: