«Кыргыз чоролору» кыймылынын лидери Замирбек Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде аларга кеңсени Экономика министрлиги бөлүп бергендигин билдирди. Андан сырткары ал биримдиктин ишмердүүлүгүн мамлекет колдойт деп эсептеп, кыймыл ИИМ, УКМК жана Башкы прокуратура менен болгон макулдашуу боюнча аракет көрүп жаткандыгын айтты.

Замирбек Көчөрбаевдин айтымында, «Кыргыз чоролоруна» кеңсени экономика министри Темир Сариев бөлүп берген.

«Биздин ишмердүүлүгүбүз үчүн кеңсе бөлүп беришкен. Темир Аргенбаевич Экономика министрлигинин буйругу менен бөлүп берген. Ал [кеңсенин бөлүнүп берилиши] бардык мамлекеттик органдар менен — Мамлекеттик мүлк фонду, Каржы министрлиги менен макулдашылган, бизге ошондуктан кеңсе беришкен», — деп билдирди Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Ал «Кыргыз чоролору» аталган кеңсени канчадан бери ээлеп келе жаткандыгын тактап айтып берген жок. Көчөрбаев кеңсе Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы имараттардын биринде жайгашкандыгын кошумчалады.

«Күн батыш тарабы Илбирс, а биз чыгыш тарабында жайгашканбыз. Бизге ошол жактан кеңсе бөлүп беришкен, эки бөлмө», — деп билдирди Көчөрбаев.

Рейд

2014-жылдын 28-декабрында «Кыргыз чоролор» коомдук бирикмесинин активисттери Бишкектин түндүгүндөгү караоке-барлардын бирин өз алдынча текшерүүгө алышкан. Алардын айтымдарында, ал жакта көмүскө «сойкукана» уюштурулган.

Kloop.kgнин редакциясынын колуна тийген видеодо көрүнүп тургандай, рейддин жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрү ошол маалда клубдун ичинде жүргөн Кытайдан келген мигранттар менен «Кыргыз чоролору» тараптан «сойкулукка» шектелип жаткан кыргыз кыздарга карата зомбулук көрсөтүшкөн.

Кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаевдин айтымында, активисттер «Кыргыз чоролорунун» мүчөлөрү менен Ички иштер министрлигинин ортосунда кол коюлган макулдашуу боюнча аракет көрүшкөн.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде мекеме «Кыргыз чоролорунун» акциясына терс көз карашта экендигин айтты.

«Биз мындай көрүнүштөргө жакшы көз караштабыз деп айтууга болбойт. Алар мындай иш-чараларды өз алдынча өткөрө алышпайт. Жаңы пайда болгон мындай уюмдардын мүчөлөрү өлкөнүн бардык аймактарында кездешет», — деди Осмонбаев.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыпар Исакбаева дагы кыймылдын өз алдынча рейд жүргүзүүгө укуктары жоктугун айтууда — анын билдиришинче, «Кыргыз чоролору» менен укук коргоо органдарынын ортосунда кол коюлган меморандумда андай пункт жок.

«Меморандумдун бир дагы пунктунда алар имараттын ичине тоскоолдуксуз киришип, сурак уюштуруп, камерага тарта алышат деп жазылган эмес. […] Мен аларга — силер биздин ыйгарым укуктарыбызды алып алдыңар деп айтар элем», — деди Исакбаева.

Кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаев өз алдынча рейд жүргүзүүнүн «одоно ката» болгондугун мойнуна алат.

Өз алдынча жүргүзүлгөн рейд тууралуу видео пайдан болгондон кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы «Кыргыз чоролорунун» баш активисттине карата бейбашчылык беренеси боюнча кылмыш ишин  козгогон.

ШИИБнин расмий билдирүүсүнө ылайык, «Кыргыз чоролору» клубдагы даараткананын эшигин сындырышып, бөлмөлөрдүн биринин кулпусун бузуп, видеокөзөмөл камераларында тартылган видео-жазуулар сакталган серверди алып кетишкен.

Тема боюнча: Видео: «Баалуулуктар үчүн күрөшкөндөр» караоке-барды кантип өз алдынча тинтүүгө алышкан

Тема боюнча: «Кыргыз чоролору»: Биз ИИМ, Башкы прокуратура жана УКМК менен болгон макулдашуулар боюнча аракеттенүүдөбүз