Бишкек жылуулук борборунан чыккан калдыктар Бакай-Ата конушунан алыс эмес жерге барып куят. Күн сайын жүздөгөн кишилер күйбөй калган көмүрлөрдү сатуу үчүн калдыктар төгүлгөн жерге барышат.

«Мүшөгүн 70-80 сомдон сатабыз. Ар кандай чыгат, мына бул сетканы коюп иштейбиз бул жерде. Кезек менен. Көмүр кээде таза чыгат, кээде мындай керамин, таш чыгат. Иши кылып кышы бою ушул жерде иштейбиз», — дейт көмүр чогултуучулардын бири.

Алар бир сааттын ичинде үч мүшөккө чейин көмүр чогулта ала тургандыктарын айтышат. Мындагыларды көпчүлүгү — жакын жердеги жаңы конуштардын жашоочулары, бирок Кыргызстандын башка аймактарынан келген ички мигранттар да бар.

«Таластан бери, Оштон бери келип иштешет. Бул жакта батирлерде жашашат. Анан ушу менен батир акысын төлөп, балдарын окутушат», — деп билдиришти алар.

Бул көрүнүш тууралуу кененирээк Урмат Борченовдун репортажында.