«Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси алардын аракеттерин сындаган оппоненттери менен талкууга катышышты. Кыймылдын активисттери алар тараптан ээлери «сойкукана» иштетип жатат деп шектелген караоке-барларга жасаган уруксатсыз рейддери менен белгилүү.

Берүүнүн толук көчүрмөсү:

Талкууга «Кыргыз чоролорунун» атынан алардын лидери Кубанычбек Дүйшеев менен кыймылдын Чүй облусу боюнча координатору Бактыбек Нуралы уулу катышты.

Оппоненттери — алардын аракеттеринен улам зыянга учураган караоке-клубдун жактоочусу Марат Токтоматов менен «Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Адилет Азимов.

Тексттик хроникасы:

17:26 Алып баруучу эгер караоке-клубдардын ээлери жеке менчигин коргоп, аларга карата ок чыгара турган болушса, «Кырк чоро» эмне кыла тургандыгы жөнүндө суроо берди.

«Эгер мени атышса, мен өлүмгө даярмын. Соттук териштирүүлөр болсо да даярмын. Мен кыргыз эли үчүн өмүрүмдү берүүгө даярмын», — деп жооп берди Нуралы уулу.

17:24 «Кыргыз чоролору» «гомосексуализмди, лесбияндыкты, сойкулукту» колдобой тургандыктарын айтышты.

«Биз башка улуттагыларга каршы эмеспиз, бирок мыйзам боюнча жашашсын. Эгер биздин кишилер уурдаганды токтотсо, баары жакшы болот», — деди Нуралы уулу.

17:20 «Кыргыз чоролорунун» лидерлеринин бири Кубанычбек Дүйшеев алар этникалык кыргыздардын кыргызстандык кыздардын интим кызматтарынан пайдалануусуна каршы экендиктерин айтты.

«Алар [кыргыздар] деле адамдар да. Бирок биз буга каршыбыз. Биз аларга да жетебиз», — деди ал.

17:16 «Чүй кабарларынын» журналисти Алтынай Жалмамбетова эгер «Кыргыз чоролору» мүчөлөрүнүн бардыгын өмүр баяндарын жакшылап текшерип жатышса, эмнеге лидери Замирбек Көчөрбаев Токмокто акча уурдаган деп айыпталып жаткандыгын сурады.

17:13 «Кырк чоронун» өкүлдөрү педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүүнү колдой тургандыктарын жана учурда ал боюнча кол топтоп жаткандыктарын айтышты.

«Педофилия үчүн биздикилерди да өлүм жасасына кыйсы кыя беришсин», — деди алардын бири.

17:11 «Кырк чоронун» өкүлдөрү алардын демөөрчүлөрүнүн арасында «мамлекеттик кызматкерлер» менен «бай адамдар» бар экендигин айтышты.

«Бизде 40 гана киши эмес, биздин өкүлчүлүктөрүбүз көп», — деди Нуралы уулу.

17:06 «Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Адилет Азимовдун айтымында, Кыргызстандын эмгек рыногундагы чет элдиктерди алмаштыруу талабы өлкөнүн инвестициялык климатына «терс таасирин тийгизиши мүмкүн».

«Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанга болгон агымын токтотуу аракети өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деди Азимов.

17:02 «Кыргыз чоролорун» колдоп жаткан «Асаба» партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов алардын президентке кайрылуусунун маңызы чет өлкөлүктөр кыргызстандыктарын жумушчу орундарын ээлебөөсү.

«Кыргызстандыктар иштей ала турган орундарды чет өлкөлүктөр ээлеп отурушат. Чет өлкөлүктөр биз алектене албаган өндүрүштөрдү иштетишсин», — деди Дыйканов.

16:57 «Кыргыз чоролорунун» өкүлдөрү алар Орусияда чет элдик мигранттарга карата рейддердин өткөрүлүүсүн туура деп эсептебей тургандыктарын айтышты.

«Орусиялык скинхеддерге салыштырмалуу биздин балдар аппакай жана үлпүлөк болуп калышат. Биринчи рейддин жүрүшүндө биз кээ бир балдарды токтото алган жокпуз, анткени алар 7-апрель жана Ош окуяларына катышышкан», — деди Дүйшеев.

16:49 Жактоочу Марат Токтоматов «Кыргыз чоролоруна» рейд жүргүзүшкөн «Люкс» караоке-клубунан «сойкукана» көргөн-көрбөгөндүктөрү тууралуу суроо узатты.

«Кырк чоронун» өкүлдөрү «Люкста» «сойкукана» көрбөгөндүктөрү, бирок аны далилдегени жаткандыктарын айтышты.

16:46 Бактыбек Нуралы уулу алар оюн-зоок жайларда бул сыяктуу рейддерди үч жылдан бери өткөрүп келе жаткандыктарын айтты. Бирок алар өз видеосунда алматылык телеканалдын сюжетиндеги кадрларды пайдалангандыктары менен чет өлкөлөрдө рейд жүгүзбөгөндүктөрүн айтты.

«Биз жөн гана ал роликти пайдаландык. Анан биз рейд өткөрдүк, бирок ал эки караоке-клубдарда кыздар жок болуп чыгышты. Ошондуктан биз ал видеодон кадрларды алганбыз», — деди Нуралы уулу.

16:38 «Прецедент» өнөктөтүк тобунун юристи Адилет Азимов «Кырк чоро» кыймылынын караоке-клубдарга каршы жасаган рейддери мыйзамга ылайык келбей тургандыгын айтты.

«Кырк чоронун» лидери Кубанычбек Дүйшеев эгер укук коргоо органдары аларды кандайдыр бир жоопкерчиликке тарта турган болушса, кыймылдын мүчөлөрү жооп берүүгө даяр экендиктерин билдирди.

«Бул элдик трагедия, анткени биз бардыгыбыз тең эне-атабыз, кыздарыбыз бар. Ал кыздар – келечектеги апалар», – деди ал.

16:32 «Кырк чоронун» өкүлү Бактыбек Нуралы уулу алар эркектерге көп аял алууга уруксат берүү керек деп эсептей тургандыктарын, бирок кыргыз кыздарынын бир нече күйөөлүү боуусуна каршы экендиктерин айтты.

Контекст: «Кырк чоро» деген кимдер?

«Кыргыз чоролору» деген аталыш менен да белгилүү болгон «Кырк чоро» кыймылы 2014-жылдын декабрынын аягында Бишкектин түндүк бөлүгүндөгү караоке-клубду «өзүм билемдик менен» текшерүүсүнөн кийин белгилүү болуп калган. Кыймылдын мүчөлөрү ал оюн-зоок жайында «сойкукана» бар деп эсептешкен.

Рейддин жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрү ошол маалда клубдун ичинде жүргөн Кытайдан келген мигранттар менен «Кыргыз чоролору» тараптан «сойкулукка» шектелип жаткан кыздарга карата зомбулук көрсөтүшкөн.

Видео интернет колдонуучулардын арасында түрдүү пикирлерди жаратты — бир бөлүгү «Кыргыз чоролорунун» рейддерин колдоого алышса, башкалары аларды өзүм билемдикке жана улутчулдукка айыпташкан.

Кыймылдын лидерлеринин бири Замирбек Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде алар Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана Башкы прокуратуранын макулдугу менен аракеттенип жаткандыктарын билдирген.

Бирок кийинчерээк ИИМ кыймылдын акцияларына терс көз карашта экендигин билдирип, «Кыргыз чоролору» менен кол коюлган меморандум аларга өзүм билемдик менен текшерүүлөрдү өткөрүүгө уруксат бербей тургандыгын белгилеген. Анда милиция кыймылдын катышуучуларынын үчөөсүн Кылмыш кодексинин «бейбашчылык» беренеси боюнча айыптап, аларга карата кылмыш ишин козгогон.

«Кыргыз чоролор» 2015-жылдын 23-январында дагы бир рейд жүргүзүшкөн — алар ал жолкусунда Бишкектеги «Икс О» жана «Люкс» караоке-клубдарын текшерүүгө алууну чечишкен.

Бирок кыймыл тарабынан жарыяланган рейд тууралуу видеодо эки оюн-зоок жайында тең эч нерсе табылбагандыгы көрүнүп турат. Андан сырткары кийинчерээк ал видеодо алматылык телеканалдын сюжетиндеги кадрлар пайдаланылгандыгы белгилүү болгон.

«Кыргыз чоролор» Кыргызстандын партриоттук күчтөрү биримдиги менен биргеликте 27-январда съезд өткөрүшкөн, анда кыймылдын катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жөнөтүшкөн.

«Кыргыз чоролорунун» талаптарынын бир бөлүгү:

  • Чет элдиктер мейманканаларда гана жашоолору керек;
  • Батирлерди үй-бүлөлүүлөргө гана ижарага берүү;
  • Эгер мейманканалар кымбат болсо алар жатаканадан бөлмө алуулары керек;
  • Чет элдик жарандарды көзөмөлдөө;
  • Эгер кайсыл милиция кызматкеринин аймагынан сойкулар турчу үй табыла турган болсо ал аймактык милиционер кызматтан кетиши керек;
  • Эгер «Кыргыз чоролору» «сойкуканасы» бар караоке-клуб таба турган болсо, ал райондун РИИБсинин башчысы кызматтан алынышы керек;
  • Кыргыздарга көп аял алууга уруксат берүү керек;
  • «Мадинадагы» соодагер уйгурлардын бардыгы тең кыргыздарга алмаштырылышы керек.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде алар «Кыргыз чоролорунун» жыйын маалында айткан билдирүүлөрүн карап чыга тургандыктарын билдирди.