Түштүк-Казакстан облусунун Сарыагаш районундагы Бостандык жана Ынтымак айылдарынын жашоочуларынын ортосундагы кагылышуулар 5-февралда болгон. Андан бери окуя тууралуу бийликтин расмий билдирүүлөрүнөн башка эч кандай маалымат жок.

Кагылышуу 5-февралда, болжолдуу түрдө Сарыагаш районунун Мамлекеттик кирешелер башкармалыгында иштеген жергиликтүү тургун Бахытжан Артыковдун өлүмүнөн кийин башталган, деп билдирүүдө «Азаттык» радиосунун казак кызматы.

Окуя Артыковдун өлүмүнө шектелген адамдын үйүнүн жанындагы башаламандыктардын чыгышына себеп болгон.

«Кечки саат алтыларга жакын айыл борборуна 200гө чукул киши чогулуп, бир нече автоунааны өрттөп, тажиктерге тиешелүү болгон үйлөр менен дүкөндөрдү талкалап башташкан. Алар ошондой эле мектеп директорунун иш бөлмөсүн да өрттөп жиберүүгө аракет кылышкан. Андан соң жергиликтүү жашоочулардан турган топ Бостандык айылын көздөй багыт алышкан», — деп жазган «Азаттык» радиосунун казак кызматы жергиликтүү мектеп директору Рано Абдураимованын айткандарын.

«КазИнформдун» маалыматы боюнча, учурда Сарыагаш районундагы абал полициянын көзөмөлүндө.

«Азыркы учурда коомдук тартипти орнотуу жана калктын мүлктүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, ошондой эле шектүү адамдарды издеп табуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Абал көзөмөлдө», — деп жазган «КазИнформ» Сарыагаш районунун Ички иштер департаментине шилтеме жасоо менен.

Түштүк-Казакстан облусунун Ички иштер департаментинин өкүлү «Азаттык» радиосуна берген маегинде башаламандыктан жаракат алгандар жок экенин билдирген. Бирок бул маалымат азырынча башка булактар тарабынан ырасталбай эле.

Сарыагаш районунун полициясынан, прокуратурасынан жана жергиликтүү мамлекеттик администрациядан Kloop.kgнин кабарчысына кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартышты.

YouTube сервисине жайгаштырылган видеодо өрттөнүп жаткан автоунаалар менен үйлөр көрүнүп турат. Бирок Kloop.kgнин кабарчылары жергиликтүү тургундар имараттарды өрттөп, өз ара мушташып жаткандыктары тартылган видеолорду таба алышкан жок.

Бийликтин реакциясы

EurasiaNet жаңылыктар сайтынын журналисти Джоанна Лиллис Казакстандын бийлиги маалымат агенттиктериндеги башаламандыктар жөнүндөгү макалаларды тосмолой баштагандыгын жазган. Анын билдирүүсүнө ылайык, негизинен кагылышуунун улуттар аралык мүнөзгө ээ экендиги жазылган маалыматтар тосмолонгон.

«5-февралда болгон Бостандык айылындагы толкундоолордун этникалык мүнөзү белгиленген макалалардын көбү […] өлкөнүн ичинде жеткиликсиз болуп калышты. Ошол эле маалда ал толкундоолордун улуттар аралык мүнөзүн белгилебей чагылдырылган репортаждар жеткиликтүү бойдон калышты», — деп жазган Лиллис.

Анын маалыматтарына ылайык, Today.kz сайтындагы, ошондой эле EurasiaNet.org жана «Азаттык» радиосу сыяктуу эл аралык жаңылыктар агенттиктериндеги белгилүү бир репортаждар тосмолонгон.

«Бүтүндөй бир сайттардын ордуна өзүнчө бир макалаларды тосмолоо — расмий Астана сезгич катары эсептеген маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн чектөө үчүн көбүрөөк колдонулуп башталган тактика», — деп жазган блоктун автору.

Автор: Роза Ланахунова