«Азаттыктын» журналисттери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (КММА) студенттерди кабыл алуудагы коррупциялык схемалар тууралуу сюжет тартуу үчүн барганда аларды окуу жайдын имаратынан күч колдонуп чыгарышкан.

«Азаттыктын» журналисттери КММАнын имаратына окуу жайга студенттерди кабыл алуудагы коррупциялык схемалар тууралуу сюжет тартуу үчүн 17-февраль күнү кечке жакын барышкан. «Азаттык» өз сайтына жайгаштырган видеого ылайык, КММАнын кызматкерлери журналисттер менен жаакташып, андан соң аларды имараттын сыртына күч колдонуп чыгарышкан.

«Окуу жайдын аппарат жетекчиси менен кызматкерлери кабарчыларга тоскоолдук кылышып, камераны тартып алууга аракет кылышкан. Андан соң күч колдонуп, окуу жайдан сыртка чыгарышкан. Бул арада окуу жайдын кызматкерлеринин бири операторду бир нече жолу бөйрөккө муштап, кабарчыны да уруп-сабоого аракет кылган», — деп жазды «Азаттык» окуя тууралуу.

Билим берүү министри Эльвира Сариева премьер-министрден КММАнын ректору Ашыралы Зурдиновго карата катуу сөгүш жарыялоого санкция сурады.

«Азаттыктын» мурунку кызматкери, президенттин учурдагы басма сөз катчысы Жанар Акаев «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына мындай окуялар өлкөдөгү сөз эркиндигине көлөкө түшүрүшү мүмкүндүгүн жазды.

«Маалымат алуу үчүн барган журналисттерге Билим берүү мекемесинде ыдык көрсөтүлүп, күч колдонулушу өтө олдоксон көрүнүш, өкмөт буга чара көрүшү зарыл. Кыргызстанда мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулук камсыздалып, журналисттерге маалымат алуу мүмкүнчүлүгү толук түзүлгөн шартта, мындай окуялар өлкөдөгү сөз эркиндигине көлөкө түшүрүшү толук мүмкүн», – деп жазды ал.