World of Tanks онлайн-оюну боюнча Кыргызстандын ачык биринчилиги 23-февралда Бишкекте өттү. Мелдешти өткөрүүнү колдогондордун арасында — Кыргызстандын Коргоо министрлиги бар. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган команда 300 миң сомго ээ болду.

«Тэм-3» командасы Кыргызстандын эки жолку чемпиону эсептелген «Читерс» командасын утуп, World of Tanks боюнча мелдештин жеңүүчүсү деп табылды.

World of Tanks компьютердик оюну боюнча Кыргызстандын расмий биричилиги алгачкы жолу өткөрүлдү. Буга чейин, 2014-жылдын жайында, Бишкектин ачык биринчилиги өткөн болчу.

Коргоо министрлигинин Башкы штабынын өкүлү, полковник Данияр Сатимов World of Tanks оюну жаштардын тарыхка болгон кызыгууларын сактоого жардам берет деп эсептейт.

«Жаштар бронетанкалуу техникага кызыгып жатат, алардын өз тарыхын билүүлөрү үчүн Коргоо министрлиги компьютердик оюндарга өзгөчө кызыгууда», — деп түшүндүрдү Сатимов министрликтин мелдешти уюштурууга катышкандыгын.

Анын айтымында, World of Tanks боюнча мелдештерде атайын мелдеш үчүн калыбына келтирилген T-34 танкы, сейрек кездешүүчү эски пулеметтор менен артиллерия жаштардын тарых менен байланышта болуусуна жардам берет.

Оюндун иштеп чыгуучулары — Wargaming.net студиясы да— Бишкектеги мелдешке катышышты, алардын акчасына Т-34 совет танкы калыбына келтирилип, мелдеш өткөрүлгөн жерге коюлган.

Мелдештин жүрүшүнө бир жарым миңден ашык көрүүчү күбө болуп, талаа ашканасынан даам тата алышты.

Биринчиликке жарым финалдык жана финалдык бөлүктөрдөн өткөн командалар катышышты.

Оюндун иштеп чыгуучуларынын бири, мелдештин уюштуруучусу Константин Никифоров оюндун эч кандай терс таасири жок экенин,  тескерисинче ал оюнчулардын Экинчи Дүйнөлүк согуштун тарыхын жакшылап билүүлөрүнө жардам бере тургандыгын айтты.

Кесиби боюнча слесарь, аны менен бирге «Читерс» командасынын башчысы Борис Побежников акыркы он жылдан бери World of Tanks ойноп келет.

«Читерс» командасы буга чейин жергиликтүү биринчиликте эки жолу чемпион болушкан. Борис «Танкалар» оюнчуларга жакшы таасир этет деп эсептейт.

«Эң кур дегенде адамдар көчөдө чуркап жүрүшпөйт, а көпчүлүк убакта компьютер алдында отуруп, өз иштери менен алек», — дейт ал.

Мелдештин жеңүүчүсү болгон «Тэм-3» командасы биринчи орун үчүн 300 миң сом, а экинчи орунга ээ болгон «Читрес» командасы 150 миң сом алышты.