Күбө жактоочусу аркылуу «криминал төбөлү» Алманбет Анапияев өлтүрүлгөн күнү аны Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Жаныш Бакиев жана анын жакын адамдары менен көргөндүгүн билдирди.

Жактоочунун билдирүүсүнүн толук видеосу:

Билдирүү 26-февралда жасалды.

Күбөнүн жактоочусу Кайрат Загибаев ал жактоого алган адам Анапияев өлтүрүлгөн күнү Минск шаарынан үч кишини көргөндүгүн айтты: бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевди, анын жан сакчысы Рустам Сайдуевди жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын мурунку начальниги Айбек Абдразаковду.

Бул үчөө 2010-жылдын апрелинде бийлик алмашкандан бери Кыргызстандын бийлиги тарабынан изделүүдө.

Жактоочунун айтымында, күбө 2014-жылдын августунан бери Анапияевдин үйүндө «аны кайтарып. тамак жасап берип» жашаган. «Криминал төбөлү» өтүрүлгөн күнү ал жакка Бакиев, Сайдуев жана Абдразаков кирип келишип, аны үйдөн чыгып туруусун өтүнүшкөн.

«Түнчүндө мен жактоого алган адам кавказ улутундагы киши менен Айбектин кездемеге оролгон оор бир нерсени үйдөн көтөрүп чыгып жаткандыктарына көңүл бурган. Ал эмне алып чыгып бара жаткандыктарын дароо түшүнгөн эмес. Акырындык менен жай алып чыгышкан. Анан Анапияевдин унаасына бир нерсе салышкан. Үйдөн көз айнекчен адам акыркы болуп чыккан», — деди жактоочу.

Жактоочу «оор жана кездемеге оролгон бир нерсе» деген сөзү менен болжолдуу түрдө Анапияевдин жансыз денесин айткысы келген — белорус милициясы «криминал авторитетинин» мууздалган денесин унаанын багажынан 2015-жылдын февралынын ортосунда тапкан.

Видео: Күбөнүн көрсөтмөсү

Загибаев ал жактоого алган адам Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин күбөнү коргоо программасы боюнча өтүп жаткандыгын айтты.

«Мени күбөлөрдү коргоо программасы ишендирди. ИИМдин жетекчилиги аталган иш-чараны кыйла эле жогорку квалификацияда өткөрө тургандыктарын айтып ишендирди. Ал эмес азыр мен жактоомдогу адамдын кайсыл жакта экенин билбейм. ИИМ ага олуттуу медициналык жана психологиялык жардам көрсөттү», — деди ал.

Ички иштер министрлигинен күбөнү суракка алгандыктарын ырасташты, бирок түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Кыргыз милициясы тарабынан криминал авторитети деп эсептелген Алманбет Анапияев Минск шаарында өлтүрүлгөн. Анапияевдин мууздалган денеси тартылган сүрөт интернетке 19-февраль күнү кечинде тараган. «Криминал авторитетинин» жактоочусунун айтымында, туугандары анын денесин таанышкан.

«Кылмыш элементтерин коргоо»

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Анапияевдин өлүмүнө Жаныш Бакиевдин тиешеси бардыгы тууралуу күбөнүн көрсөтмөсүнүн фонунда Беларусь мамлекетинин полициясынын позициясына нааразы экенин билдирди.

«Мындай жол менен «дүйнөлүк үмүттүн аймагы» ролуна талаптанып жаткан жана жакында эле «норманд төрттүгүнүн» кезектеги жыйыны болуп өткөн Беларусь Республикасынын көрүнүп турган кылмыш элементтерин калкалап, аларды коргоо жолун тандагандыгына Кыргыз Республикасы өкүнүүдө», — деп билдирди ИИМ.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь бийлигинен Укуктук жардам, үй-бүлөлүк, кылмыш жана башка иштер боюнча укуктук мамилелер жөнүндөгү Конвенциянын, ошондой эле башка эл аралык келишимдердин алкагында Бакиевдерди өткөрүп беришин өтүндү.

«Кыргыз тарап Кыргыз Республикасында оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон Жаныш Бакиев жана анын айланасындагы башка адамдар эл аралык издөөдө экендигине карабастан Беларусь өлкөсүнүн аймагында ээн-эркин жүргөндүгүнө, ал эмес оор кылмыш жасап жаткандыктарына байланыштуу кабатырлануусун билдирет», — деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин Беларустун бийлиги Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын бир канча жолку сурамына карабастан Бакиев менен анын үй-бүлө мүчөлөрүн өткөрүп берүүдөн баш тарткан.