Расмий Минск Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин айткандарын «кемсинткен» билдирүү деп атады. Өлкө башчысы ал билдирүүсүндө беларус бийлигин Бакиевдин «криминалдык үй-бүлөсүн калкалап жатат» деп айыптаган.
Беларустун Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдирүүсү мекеменин расмий сайтында 27-февралда, президент Атамбаев билдирүү жасагандын эртеси пайда болду.
Беларусь бийлиги кыргыз президентинин билдирүүсүн «эмоционалдуу мүнөздөгү» «күн мурун айтылган жаңылыш пикир» жана «кемсинткен» билдирүү деп атады.
«Кыргызстандын жетекчилигинин Белорусиянын дарегине айткан кемсинтүүсүнө комментарий берүүнүн кажети жок. Цивиллизациялуу мамлекеттин лидеринин деңгээлинде мындай эмоционалдуу мүнөздөгү билдирүүлөр жасалмак эмес», — деп жазылган билдирүүдө.
Атамбаевдин билдирүүсү «криминал төбөлү» Алманбет Анапияевдин Минск шаарында өлтүрүлүшүнө бийликтен куулган Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин тиешеси бардыгы тууралуу күбөнүн берген көрсөтмөсүнун фонунда жарыяланган.
Беларустун бийлиги сот өндүрүшүнүн «күнөөсү далилденгенге чейин эч ким күнөөлүү болуп эсептелбейт» деген нормасына таянуу менен Бакиевдерди тез аранын ичинде өткөрүп берүүдөн баш тартты.
«Бирок сырттан жүргүзүлгөн бир нече кылмыш процесстерин эске алганда, Кыргызстан сот адилеттүүлүгүнө жетүүнүн өзүнүн спецификалык ыкмасына ээ. Бул кыргыз мамлекетинин өз жарандарынын укуктарын, анын ичинде адилеттүү соттук коргоо укугун камсыздай алуу мүмкүнчүлүгүнөн күмөн санатат», — деп жазылган беларус мекемесинин билдирүүсүндө.
Расмий Минск мында 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин Бакиевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрү менен жакын санаалаштарына карата сырттан чыгарылган өкүмдөр тууралуу айткысы келген сыяктанат.
«Эмоционалдуу мүнөздөгү билдирүү»
Атамбаевдин билдирүүсү басма сөз кызматы тарабынан 26-февралда жарыяланган. Анын билдирүүсүнүн көпчүлүк бөлүгү эмоционалдуу мүнөзгө ээ болуп, Беларусь бийлигинин позициясына карата сын-пикирлерди камтыган.
«Беларусиянын бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык маңызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек? Бул канкорлор кайда жүрсө дагы, колтугуна катып алган Беларусияда дагы кан төккөнүн уланта берет!» — деп жазылган президенттин билдирүүсүндө сөзмө сөз.
Президент Анапияевдин Минскте өлтүрүлүшү «накта криминалдуу жана кылмыштуу элементтерди калкалоого байланыштуу жарандырынын коопсуздугуна шек келип жаткан Беларусиянын жетекчилери үчүн кооптуу белги болот» деп билдирген.
«Беларус тараптын бул кылмыштарды катуу айыптоосу жана Кыргызстанга адам өлтүргүчтөрдү кармап, өткөрүп берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүшү Беларусиянын жана анын жетекчилигинин эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө көмөктөшөт деп ишенем», — деп билдирген кыргыз президенти.
Анапияевдин өлтүрүлүшү
Анапияевдин өлтүрүлгөндүгү тууралуу билдирүүлөр жаңылыктар басылмаларында 19-февралда пайда болгон. Кийинчерээк «криминал төбөлүнүн» үй-бүлөсүнүн расмий өкүлү ал билдирүүлөрдүн туура экендигин ырастаган.
Бир аптадан кийин Кыргызстандын Ички иштер министрлигине Анапияев өлтүрүлгөн күнү аны менен бирге болгон күбө кайрылган. Айтымында, ал «криминал авторитетин» Минскте коштоп жүргөн жана «аны кайтарып, тамак даярдап берип турган».
Жактоочу Кайрат Загибаевдин айтымында, ал жактоого алган адам Анапияев өлтүрүлгөн күнү Минск шаарынан үч кишини көргөндүгүн айтты: бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевди, анын жан сакчысы Рустам Сайдуевди жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын мурунку начальниги Айбек Абдразаковду.
«Түнчүндө мен жактоого алган адам кавказ улутундагы киши менен Айбектин кездемеге оролгон оор бир нерсени үйдөн көтөрүп чыгып жаткандыктарына көңүл бурган. Ал эмне алып чыгып бара жаткандыктарын дароо түшүнгөн эмес. Акырындык менен жай алып чыгышкан. Анан Анапияевдин унаасына бир нерсе салышкан. Үйдөн көз айнекчен адам акыркы болуп чыккан», — деп билдирген жактоочу.
Жактоочу «оор жана кездемеге оролгон бир нерсе» деген сөзү менен болжолдуу түрдө Анапияевдин жансыз денесин айткысы келген — белорус милициясы «криминал авторитетинин» мууздалган денесин унаанын багажынан 2015-жылдын февралынын ортосунда тапкан.
Сүрөт: «Свобода» радиосу