«Айкөл Ала-Тоо» кыймылынын мүчөлөрү 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылдагы революция маалында курман болгондордун элесине арналган курултай өткөрүштү. Иш-чара 17-мартта Бишкектеги «Медиа-Форум» имаратынын алдында болду.

Курултай 2002-жылы Аксы окуясы болгон күнү — 17-мартта өткөрүлдү. Анда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда нааразычылык акциясына чыккан жергиликтүү тургундарга карата ок атылган.

Иш-чаранын уюштуруучулары — «Айкөл Ала-Тоо» кыймылынын мүчөлөрү — Аксыда жана 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуу маалында курман болгондорду эскеришти.

Кыймылдын мүчөлөрү өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиев менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн экстрадицияланышын талап кылышты. Бакиевдин өзү революциядан кийин Беларуска качып кеткен болчу.

Ошондой эле 2010-жылдагы революциянын катышуучуларынан турган «Айкөл Ала-Тоо» кыймылы үстүбүздөгү жылдын күзүндө өтүшү керек болгон парламенттик шайлоолорду таза өткөрүү талабын айтышты.

Революция жана Аксы

Кыргызстанда бийлик алмашуу 2010-жылдын апрелинде болгон. Ал оппозиция тарабынан кызмат абалын кыянат пайдаланууга айыпталган ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин режимине каршы нааразычылыктарга байланыштуу болгон.

Укук коргоо органдары менен катуу кагылышуулар Таласта 6-апрелде башталган — демонстранттар облустук администрация имаратын басып алышып, ал кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди ур-токмокко алышкан.

Эртеси толкундоолор Бишкекте башталган — миңдеген демонстранттар Ак үйдү чабуул менен алышкан. Андагы милиция менен болгон куралдуу кагылышуулардын жыйынтыгында 80ден ашык киши каза болгон.

Кыргызстандын өкмөтү ошол эле күнү отсавкага кеткен, а президент Бакиев алгач өлкөнүн түштүгүнө, андан соң Минскке качып кеткен.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы митинг 2002-жылдын 17-мартында болгон — демонстранттар 90 миң гектар кыргыз жеринин Кытайга берилишине каршылыктарын билдиришкен. Нааразычылык акция милиция менен кагылышууга чейин жетип, жыйынтыгында алты киши курман болгон.