Журналисттер Кыргызстан менен Ооганстандын бажычыларын автоунааларда, учактарда жана поезддерде тыюу салынган нерселерди кантип издөө керектигин үйрөтүп жаткандыктарына күбө болушту. Машыгуу Европадагы коопсуздук жана келишим уюму (ЕККУ) тарабынан уюштурулган.

Иш-чара 1-апрелде Мамлекеттик Бажы кызматынын Ленинское айылындагы Профессионалдуулук жана кинология боюнча даярдануу борборунун базасында өттү. Журналисттерге кыргыз жана ооган бажычыларын тыюу салынган нерселерди издөөгө кантип үйрөтүп жаткандыктарын көрсөтүштү.

Машыгуунун уюштуруучулары шектүү автоунааны текшерип чыгууну демилгелешкен. Бажычылар анын айдоочуларынын документтерин текшерип, унааны тинтип чыгуулары керек болчу.

Шектүүлөрдү текшерип чыгуу тапшырмасын Ооганстандан келген үйрөнчүк бажычыларга тапшырышты — тесттик тинтүүнүн жүрүшүндө машыгуунун катышуучулары айдоочулардын биринин денесинен бомбанын үлгүсү менен маңзаты сымал зат табышты.

Машыктыруучулар журналисттерге УАЗ унаасында катылган «маңзатын» табууну сунушташты — бирок ЖМК өкүлдөрүнүн бири дагы тапшырманы аткара алган жок. «Маңзаты» эч кимдин убаралангысы келбеген илээшчек кара суюктуктун арасына — солидол салынган баштыкта экен.

«Эгер булганып калбайын десеңиз, анда сиз эч нерсе таппайсыз […] Бажы тескөөчүлөрү мына күндө ушинтип иштешет. Эгер алар үйлөрүнө таза болуп барышса, демек алар өз жумуштарын аткарышкан эмес», — деди ЕККУнун Кыргызстандын бажы органдарына көмөктөшүү боюнча кеңешчиси Джон Кроб.

Иш-чарада бажыда кызматта жүргөн овчаркалардын иштерин көрсөтүштү — кинологдор алардын унаа каражаттарындагы, анын ичинде атайын машыгуулар үчүн алынып келинген учактын ичиндеги маңзаттарын издөөдөгү тажрыйбаларын көрсөтүштү.

Кинологдордун айтымдарында, иттер героин, марихуана, кокаин жана амфетамин сыяктуу маңзаттарынын негизги түрлөрүн издеп табууга үйрөтүлгөн.

Жалпысынан ЕККУнун программасы боюнча Кыргызстандын 136 жана Ооганстандын 121 бажычысы окуудан өтүштү.

Автор: Никита Серов

Оператор: Владимир Цай