«Баатыр Ордо» кыймылынын мүчөлөрү АКШнын элчилигин «Кыргызстанда революция пландаштырууга» айыпташты. Бул өлкөгө 150 тонналык дипломатиялык жүктүн жеткирилишинин фонунда болууда. Америкалык дипломаттардын өзүлөрү анда элчиликтин жаңы имараты үчүн керектүү материалдар болгондугун, а божомолдордун бардыгын тең — «жоопкерсиздикке жата» тургандыгын айтып жатышат.

«Баатыр Ордо» кыймылынын башчысы Адил Кыргыз дипломатиялык жүктө эмне болгон болушу мүмкүндүгү тууралуу бир нече божомолдоолорун айтты — анын пикиринде, жүктө «курал-жарак, майда купюрадагы акчалар же радиолокациялык жабдуулар» болгон болушу мүмкүн.

«Биз аны АКШ өз элчилигинин аймагынан эле максаттарын ишке ашыра ала турган радиолокациялык чалгындоо жабдуулары деп ойлоп жатабыз», — деди «Баатыр Ордонун» төрагасы.

Ал Кыргызстандын бийлигин АКШнын Бишкектеги элчилигинин макамын кайрадан карап чыгууга чакырды. Анын пикиринде, кыргыз бажычылары америкалык дипломатиялык жүктөрдү карап көрүүлөрү керек.

«Биз Жогорку Кеңешти АКШнын элчилигинин атына келип жаткан жүктөрдүн макамын кайрадан карап чыгууга чакырат элек. Алардын биздин бажы кызматтарыбыз тарабынан каралып, текшерилиши үчүн», — деди Адил Кыргыз.

Америкалык элчиликтин өзү активисттердин айткандары менен 150 тонналык дипломатиялык жүк тууралуу маалымат каражаттарындагы билдирүүлөрдү «эч кандай реалдуу негизге ээ эмес божомолдоолор» деп атады. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, ал жүктө элчиликтин жаңы курулуп жаткан имаратына керектүү материалдар болгон.

«Дүйнө жүзүндөгү дипломатиялык миссиялар – биздин же башка өлкөлөрдөгү болобу – ушул сыяктуу дипломатиялык жүктөрдү, Дипломатиялык катнаштар жөнүндөгү Вена конвенциясында аныкталгандай, жергиликтүү өкмөт менен кызматташуунун негизинде жүргүзүлгөн катардагы эле иш-аракет деп кабыл алат. Мындан башка божомолдордун баары негизсиз жана жоопкерсиздикке жатат», — деди АКШ элчисинин медиа маселелер боюнча кеңешчиси Джон Браун Kloop.kgге берген маегинде.

Ал элчилик курулуш иштери аяктагандан кийин журналисттерди жаңы имаратка чакыра тургандыктарын кошумчалады.

«[…] ошондой эле биздин кызматкерлерге болгон суроо-талабыбыз да табигый жол менен өстү, бизге жаңы имарат керек, анткени биз кошумча кеңсе имараттарына муктажбыз. Курулуш иштери аяктагандан кийин биз жаңы элчилик имаратын көрсөтүү үчүн Кыргызстандагы кесиптештерибизди, анын ичинде маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу ыктымалдыгын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», — деди Браун.

АКШнын дипломатиялык жүгү менен эмне келгендиги тууралуу божомолдоолор «Дело №» кыргыз гезитине макала чыккандан кийин Орусиянын маалымат каражаттары аркылуу жайылтыла баштаган. Макаланын автору жеке булактарына шилтеме жасоо менен АКШ бийлиги Бишкектеги элчилигине 150 тонналык белгисиз жүк жеткиргендигин жазган.

Автор: Никита Серов

Оператор: Виталий Белошапкин