Интернетте Бишкекке салам айтып, өзүн «кыргыз» деп атаган орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөн аскер кызматкеринин маеги тартылган видео тарады.

Видео «Жаңы Орусиянын каналы» даган YouTube-каналда «Кыргыз»: Бул тарыхый учур, мен аягына чейин согушам» деген аталышта 26-апрелде пайда болгон.

Анда өзүн Нурлан деп тааныштырган аскер формачан адам менен болгон маек көрсөтүлгөн.

Видеодо кыргызстандыктын кайсыл тарапта согушуп жаткандыгы так белгисиз, бирок ал Украинанын чыгышындагы өз алдынча жарыяланган республикалардын бири — Донецк же Луганск элдик республикасы экени анык.

Нурлан Донбасска «улутчулдарга каршы күрөштө ыктыярчыларга жардам берүүгө» баргандыгын айткан.

«Бул жер америкалык гегемониянын кыйрашы баштала турган чекит болот деп болжолдоп жатам. Мына мен тарыхый окуяга катышууга келдим, башка эмне кылмак элем? Согуштук маанай жакшы», — деген ал видеодо. Эгер андагы титрлерге ишенсек, видео Луганск облусундагы Донецкий кыштагынын четинде тартылган.

Ал кыштак ЛНРдеги (Луганск элдик республикасы) орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймакта жайгашкан.

«Бул жагдай өзүнөн өзү чечилип калбайт, аны кимдир бирөө чечиши керек. Мына, кайратуу жигиттер чечип жатышат. Бишкекке салам. Мен «Кыргыз» деген лакап ысымдуу Нурлан», — деп айткан ал видеонун аягында.

Жалдангандыгы үчүн мөөнөт берилеби?

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан видеоролик тууралуу кабардар экендиктерин жана учурда Нурлан жөнүндөгү маалыматтарды текшерип жаткандыктарын билдиришти. УКМКдан мындан башка түшүндүрмө беришкен жок.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Адилет Азимов Kloop.kgге Нурлан үйүнө кайтып келгенден кийин ага карата Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 375-беренесинин экинчи бөлүмүнүн негизинде кылмыш ишин козгой ала тургандыктарын айтты.

«Куралдуу кагылышууларга же аскердик аракеттерге жалданып катышкан адам үч жылдан жети жылга чейин камакка алынып жазаланат», — деп жазылган кодекстин 375-беренесинин экинчи бөлүмүндө.

Азимов Нурлан тарабынан айтылган билдирүүлөр кылмыш ишин козгоого жетиштүү болчу мойнуна алуу көрсөтмөсү катары кабыл алынышы мүмкүндүгүн айтты.

«Анын айткандарынын укук коргоо органдары тарабынан мойнуна алган көрсөтмө катары тиркеп коюулуу тобокелдиги бар. Мунун өзү эле камакка алып, кылмыш ишин козгоого негиз болуп бере алат», — деди юрист.

Нурлан — Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерде жикчилдердин катарында согушуп жаткандыгын ачык мойнуна алып жарыялаган алгачкы кыргызстандык.

Ага чейин өзүн Манас деп тааныштырган дагы бир кыргызстандык Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерге жикчилдердин курамында согушкандыгын мойнуна алган, бирок анын жүзү жашырылган болчу жана анын чыныгы аты-жөнү белгисиз бойдон калган.

Украинанын түштүк-чыгышындагы куралдуу кагылышуулар бир жылдан ашык убакыттан берип уланып келүүдө, ал жалпысынан 6 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетти.

Кагылыштарда бир тараптан Украинанын армиясы менен экинчи тараптан өз алдынча жарыяланган орусиячыл республикалардын аскерлери согушууда.

Урматтуу окурмандар, Нурланга карата кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн деп ойлойсуздар? Негизи эле ал жазаланышы керекпи? Ооба? Жок? Эмнеге? Суроолорго жоопторуңуздарды жана өз пикирлериңиздерди төмөн жакка жазып калтырыңыздар.