Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин окуучулары робот жасап, аны улуттук кара жорго бийин бийлегендей кылып программалашкан.

Окуучулар Бекболот Кудайбердиев менен Беткул Макенов робот жасашып, аны улуттук кара жорго бийин аткаркыдай кылып программалашкан. Аны эки күндүн ичинде чогултушкан, а кыймылдарын бийлегидей кылып программалоого болжол менен эки ай убакыт кеткен.

Бекболот менен Беткул роботту кыргыздын атагы чыккан балбанынын урматын Кожомкул деп аташкан.

«Биз аны Кожомкул деп атадык, анткени ал быйыл роботтордун арасындагы сумо боюнча мелдешке катышкан. […] Ал бир жыл мурун эле жасалган, негизи робот техникаларына кызыгуубуз тогузунчу класста эле пайда болгон. Ага физика мугалимибиз себепчи болгон», — деп билдиришти алар.

Авторлор: Малика Баяз жана Темирлан Акимтеги