Хип-хоп маданиятын сүйүүчүлөрдүн Kyrgyz-American Hip-Hop Fest-2015 аталышындагы фестивалы Бишкекте 30-майда өттү.

Хип-хоп маданиятынын АКШдан келген белгилүү сегиз өкүлү 30-майда Эмен багында өткөн заманбап бийлер боюнча Бишкек чемпионатына калыстар катары катышышты.

Bayel Hustla деген каймана ат менен катышкан бишкектик мектеп окуучусу Баэль финалдык баттлдын жеңүүчүсү деп табылды.

Баттл Кыргызстанда 28-майдан 5-июнга чейин боло турган Kyrgyz-American Hip-Hop Fest-2015 фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Бир жуманын ичинде Кыргызстан менен АКШнын хип-хоп бийчилери, диджейлери жана граффитчилери дагы төрт шаарда болушат — Талас, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Ош.

Сюжет: Азат Рузиев, Нуржамал Жаныбекова