«Намба» такси кызматынын айдоочулары кардарга кол салган деген айып менен майдын башынан бери тергөө абагында камакта жаткан кесиптешин бошотууну талап кылышты.

3-июнь күнү күндүз ондогон айдоочулар темир жол бекетинин имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алардын айтымдарында, нааразычылык акциясы «милиционерлер тарабынан жасалып жаткан мыйзамсыздыкка» каршы багытталган.

Пикеттин катышуучуларынын бири милиция кызматкерлери алардын кесиптеши Азисти «жол акыны төлөөдөн баш тарткан» кардарга кол салган деген айып менен «мыйзамсыз» кармап кеткендиктерин айтты.

«2-майда Азис аттуу айдоочуга кол салуу фактысы катталган. Ал мас болуп калган аялды үйүнө жеткирген. Аял көпкө чейин өзүнүн үйүн таба албай койгон жана шаарды кыдырып эки саат жүрүшкөн. Акыры үйүнө жеткенде анын уулу Михаил жол акынын кымбат экенин айтып, акчаны төлөөдөн баш тарткан», ― деп жазган vb.kg жаңылыктар сайты айдоочулардын бири Самат Арыковдун айткандарын.

Дагы бир такси айдоочусунун Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде билдиришинче, кардар жол акысын төлөөдөн баш тартып, ал жерге досун чакырган, андан соң ал үчөөнүн ортосунда мушташ чыккан.

Андан кийин кардар милицияга арыз менен кайрылган, бул өз кезегинде Азистин кармалышына себеп болгон. Пикетке чогулгандардын айтымдарында, аларда мушташтын жүрүшү тартылган видео бар, бирок милиция аны көрүүдөн баш тарткан.

Такси айдоочулары «өз ара чечишип алгандыктарын» айтып, интервью берүүдөн баш тартышты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан «Намба» такси кызматынын айдоочусуна карщы козголгон иш тууралуу эч нерсе билбей тургандыктарын айтышты. Мекеменин маалыматы боюнча, пикет такси кызматындагы саясаттын өзгөрүшүнө каршы болгон.