12-июнь күнү эртең менен шаар борборунда автобус, маршруттук такси жана жеңил автоунаа жол кырсыгына кабылышты.

Жол кырсыгы 12-июнь күнү эртең менен Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде болду.

Жол кырсыгынын катышуучуларынын айтымдарында, кырсык «дал унаалар өтчү жерге токтоп алган башка маршруттук таксинин» айынан пайда болгон тыгындан улам келип чыккан.

Алардын эң аягында турган автобустун айдоочусу алдындагы маршруттук таксини сүзгөн. Соккудан улам маршруттук такси алдыга жылып, андагы жеңил автоунаагы сүзүлгөн.

Күбөлөрдүн айтымдарында, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.