Милиция менен соттук аткаруучулар банкка төлөмөр болгон үй-бүлөнү көчүрүп, андагы мүлктөрүн каттоого алып сыртка чыгарып башташкан. Төлөмөрдүн туугандары бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүшкөн.
Насыясын төлөбөгөндүгү үчүн батирин банкка алдырып жиберген Нурдин Токтогуловдун туугандары сот аткаруучулары тарабынан мүлкүн каттоого алуу маалында чыр чыгарышкан.
Туугандары батирдин жаңы ээсин, сот аткаруучусун жана укук коргоо органдары тарабынан эшигин ачуу үчүн чакырылган ачкыч кармоочуну сабап жиберишкен.
Токтогулов 7 миң доллар өлчөмүндөгү насыяны «Толубай» банктан алган. Ал анын жарымынан азын — 3 миң доллар төлөп берген. Калган карызы үчүн банк Токтогуловдун батирин алып, аны 30 миңге саткан.
Токтогуловдун эжеси Нурия батирдин жаңы ээсин мүлктү каттоого алууга катышкан укук коргоо органдары менен сүйлөшүп алган деп айыптоодо.
«Өз учурунда төлөй албай калдык, анан банк батирди Сыргак деген адамга сатып жиберген. Эми ал пара берүү менен ишке күч түзүмдөрүн аралаштырып, бизди көчүрүп жатат», — деди ал.
Батирдин учурдагы ээси түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.