Кыргызстандын өкмөтү тарабынан Бишкектин жана Чүй облусунун мыкты бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулган майрамдык концертке белгилүү кыргыз ырчылары, бийчилер жана «Азия Микс» КВН командасы катышышты.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү Жалпы республикалык тестирлөөдө эң мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн бүтүрүүчүлөр үчүн майрамдык концерт уюштурган.
Иш-чарага «X- Factor» долбоорунун катышуучулары Рита Скочило менен Аима Аилчиева, белгилүү бийчи Жан Воинов, «Turkvision-2014» долбоорунун катышуучулары, «Non Stop» музыкалык тобу, «Will Be» жана «Тумар» бий топтору катышышты.