Туристтер эл аралык «Ысык-Көл» аба майданынын инфраструктурасына нааразы — жүргүнчүлөр үчүн жайлуу дааратканалар жок, каттамдарды болсо ачык асман алдында күтүүгө туура келет.

«Алматы-Тамчы» каттамынын жүргүнчүлөрү «Ысык-Көл» аба майданындагы шарттарга нааразы болушууда.

Туристтердин айтымдарында, аларды каттамга катталууга чейин аба майданынын имаратына киргизишпейт — аларга учакты күтүп бир нече саатын эшикте өткөрүүгө туура келет.

«Бизди аба майданга киргизбей жатышы бул жаман иш. Учактын келишин күтүп отурууга мүмкүн болгон отургучтар жок. А көчөдөгү дааратканага таштарды, талааны аралап барууга мажбурбуз», — деди Казакстандан келген Алия аттуу турист.

«Адамдар эки жарым сааттан бери күтүп жатышат, а аба майдан дагы деле жабык. А эгер жаан жаасачы?», — деп нааразычылыгын билдирди башка жүргүнчү.

Аба майдандын башчысы Рашит Исманов Kloop.kgге берген маегинде аймак жакынкы убактарда жабдылана тургандыгын айтты.

«Аба майдандын курулушуна байланыштуу азыркы тапта жүргүнчүлөр үчүн шарттар жок. Унаа токтотуу жайы менен кирме жолдун курулушу жакында эле бүттү. Үстү жабылган отургучтарды жана биодааратканаларды орнотуу планы бар. Ал план бекитилген. Жакынкы күндөрү алып келип орнотуулары керек», — деди ал.

«Ысык-Көл» аба майданы Борбордук Азиядагы эң кичинекей аба майдандардын бири болуп эсептелет.

Ал Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Тамчы айылынан 5 чакырым чыгыш тарапта, Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Учурда аба майдан 2 каттамды — Алматы жана Оштон келген каттамдарды тейлейт.

Аба майданды кайрадан куруунун биринчи этабына 25 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөн. Азыр учактардын учуп-конуучу тилкесинин узундугу 3 800 метрди түзөт.

Текст: Анастасия Стрельникова