Президенттин бир тууган агасы Калыйбек Шаршеновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июлда Аламүдүн районунун Арашан айылында болду.

Алмазбек Атамбаевдин бир тууганы агасы Кайылбек Шаршенов 8-июлда көз жумган. Ал 64 жашта болчу.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча, ал акыркы жылдары президент туулуп өскөн Арашан айылында жашап жаткан.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы Орусиянын Уфа шаарына болгон сапарын бир күнгө жылдырган. Ал агасынын сөөгү жерге берилери менен Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Уфага учуп кетти.