10-июлда жума намазын окуу үчүн жакынкы мечитке чогулган адамдардын көптүгүнөн улам Эркиндик гүлбагы менен Күрөңкеев көчөсүнүн кесилишинде унаа тыгыны пайда болгон. Жума намазын окууга баргандардын көбүнө мечиттин ичинде орун жетпей калып, алар жолдун унаалар өтчү бөлүгүн ээлеп алышкан. Бишкек ЖККсынан жагдайды «териштире тургандыктарын» убадалашты.

Мечитте орундун жетишсиздигинен улам ал жакка баргандар жума намазын Күрөңкеев көчөсүнүн унаалар өтчү бөлүгүнө окушкан. Алар жерге чоң брезент жайып, жолду жылган тосмо менен тосуп коюшкан.

Борбордук ЖККнын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева «Kloop.kgге» курган маегинде милиция жума намаз маалында «дайыма» унаа кыймылын иретке салуу менен алектенерин айтты.

«ЖККнын инспекторлору жума намаз маалында дайыма андагы унаа кыймылын көзөмөлдөшөт. Биз атайын кызматкерлерди бөлөбүз, алар мечиттин айланасындагы жол кыймылын тартипке келтирүүгө аракет кылышат», — деп билдирди Бекмурзаева.

Басма сөз кызматынан бул окуяны «эске алып», көрсөтүлгөн көйгөйдү «териштире тургандыктарын» убадалашты.

Буга чейин мечиттин айланасындагы унаа тыгынына байланышкан маселе Бишкектин жашоочулары тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн. Баарынан Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук мечит көп сынга кабылат.

Акыркы жаңжал ушул жылдын февралында, «Фейсбуктун» Юрий Ким деген колдонуучусу жума намазын жолдун унаалар өтчү бөлүгүндө окуп жаткан адамдардын сүрөттөрүн интернетке жайгаштыргандан кийин болгон.

Ал сүрөт Кырнеттин колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан. Көпчүлүгү жол ортосуна отуруп намаз окугандарды айыпташып, жума намазы жол кыймылына тоскоолдук кылбашы керектигин жазышкан.

«Миңдеген эркектер. Миңдеген жайнамаздар. Мен Гоголь көчөсүнө кайрыла албай дагы бир квартал жүрөйүн деп чечтим. Жума намазга келгендер жайнамаздарын жолдун ортосуна жая баштаганда эле сактанып башташ керек болчу. Жолдогу унаалардын бардыгы тең токтоп калышты», — деп жазган анда сүрөттүн автору.