Бишкек-Балыкчы унаа жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө шагыл таштын урап түшүшүнөн улам ири унаа тыгыны пайда болду — таштардын урашы тартылган видео күбө тарабынан интернетке жарыяланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бул боюнча кийинчерээк түшүндүрмө берүүнү убадалашты.  

Шагыл таштардын урап түшүп жатканы тартылган видео 12-август күнү «Твиттер» социалдык түйүнүнүн @JinaMcc деген колдонуучусу тарабынан жарыяланды — андагы кадрларга ылайык, жолдун унаалар өтчү бөлүгүнө таштардын урашынан улам пайда болгон чаң асманга сапырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде азырынча мекеме кырсык тууралуу кеңири маалыматка ээ эмес экенин жана кырдаал териштирилип жатканын  айтты.

11831815_935834683141822_5382177372436845719_n

Министрликтин кызматкеринин айтымында, учурда Боом капчыгайында тазалоо иштери жүрүп жатат жана андагы тыгын ошого байланыштуу болушу мүмкүн.

Кырсыктын күбөсү Kloop.kgге айдоочулар шагыл таш урап түшүп баштаганга чейин токтоого жетишкендиктен жаракат алгандардын жок экенин билдирди. Айтымында, таштар түшкөн жердин бийиктиги «анча чоң эмес, 10 метрге жакын».

Видео: @JinaMcc
Сүрөт: Тем Колосов