Бишкектик юмористтер кыргыз борборундагы жол эрежелерин бузган айдоочуларга каршы күрөшүп келген «Стопхамдын» активисттерине карата чыгарылган пародиялык видео жарыялашты.

Көңүл буруңуздар! Видеодо адепсиз сөздөр бар. Эгер бул сизге зыянын тийгизет деп эсептесеңиз, анда видеону көрбөй эле коюуну сунуштайбыз.

Белгилүү орусиялык «Стопхам» долбооруна карата даярдалган пародия кыргыз юмористтеринин YouTube сервисиндеги EN CHANNEL 7 деген аталыштагы каналына 18-августта жарыяланды.

Видеодо орусиялык «Стопхамдын» аракетиндей эле бир нече активист жол эрежесин бузган автоунаалардын маңдайкы айнектерине «Стоп Хам» деген жазууну чаптаганга аракет кылышат. Бирок жыйынтыгында активисттердин бул аракети «мушташуу» менен башталат.

Анын сегизинчи мүнөтүндө видеонун каармандары Бишкекте мындай долбоорду ишке ашырууга мүмкүн эмес экенин билдиришип, кийинчерээк «анын бардыгы тамаша» экендиги көрсөтүлгөн жазуулар пайда болот.

Ролик Бишкекте кыргыз «Стопхамы» пайда болгондон бир нече айдан соң жарыяланды.

Кыргыз «Стопхамынын» активисттери өздөрүнүн алгачкы рейдин 23-мартта өткөрүшкөн — анда алар туура эмес жерлерге токтотулган автоунаалардын маңдайкы айнектерине «Жол коопсуздук эрежелерин сактоо сиздин коопсуздугуңуздун кепилдиги» деген жазуулары бар баракчаларды чапташкан.

Анын айтымында, активисттер айдоочулардан агрессивдүү мамилени күтүшкөн, бирок алар активисттерге «түшүнүү менен мамиле кылышкан».

Тема боюнча: Видео: Бишкек көчөлөрүндө эреже бузгандарга каршы «Стопхамдын» алгачкы рейди