Түндүк Кореядагы эмгек лагеринде төрөлүп, чоңойгон соң андан качып кеткен Шин Дон-Хёк Kloop.kgнин түз эфирде маек курду. Анын тагдыры тууралуу китеп жазылып, документалдык тасма тартылган.

Шин Түндүк Кореядагы №14 лагерде туулган жана балалыгы толугу менен ошол жакта өткөн. Апасы менен бир тууганын анын көзүнчө өлтүрүшкөн. Лагердеги тартип менен тарбияга ылайык, Шин алардын качып кеткени жаткандыктары тууралуу лагердин жетекчилигине өзү билдирген — антпегенде аны кыйнап өлтүрүшмөк.

Ал туугандарынын бирөө Түштүк Кореяга качып кетүүгө аракет кылгандыгы үчүн гана жарык дүйнөгө келгенден бери лагерде жашаган. Анын рациону келемиш, бака жана чөптөн турган, аны сабап, от менен коркутушкан. Аны каалаган күнү өлтүрүп коюулары мүмкүн болчу, бирок ал аман калган.

Ал 23 жашында лагердин сыртында да жашоо бар экенин билип, андан качып кеткен. Азыр ал Түндүк Кореядагы саясий айып менен камалган адамдардын эркиндиги үчүн күрөшкөндөрдүн эң активдүүлөрүнүн бири.

Маектешкендер: Метин Джумагулов жана Илона Пфеффер.