14-сентябрь күнү эртең менен Бишкекте мас абалындагы эки киши такси айдоочусуна кол салышкан. Алардын унаанын маңдайкы жана капталдагы айнектерин талкалагандыктары кабарланууда. Учурда милиция келтирилген чыгымдын суммасын аныктап жатат.

Көңүл буруңуздар! Видеодо адепсиз сөздөр бар. Анын түп нускасы Bulbul.kg сервисине жарыяланган.

«АКИ-пресс» маалымат агенттиги такси айдоочусуна кол салган эки киши тартылган видео жарыялады. ШИИБнин басма сөз кызматынын инспектору Анна Жукованын айтымында, болжол менен эртең мененки саат 7:30дарда Свердлов РИИБсине такси айдоочусу менен эки кишинин ортосунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

«Бүгүн, 14-сентябрда, […] мас абалындагы адамдардын ортосунда мушташ чыккандыгы боюнча Свердлов РИИБсине чакыруу түштү», — деди Жукова.

Анын айтымында, эки киши такси кызматына чалып унаа чакырышкан. Качан унаа келгенде алар адепсиз сөздөрдү айтышып, агрессивдүү түрдө мамиле кылышкан.

«Такси айдоочусу аларды адептүүлүккө чакырган, алар адепсиз сөздөрдү айтып, өтө катуу сүйлөшкөн. Алардын ортосундагы мушташтын чыгуусуна такси чакыргандардын катуу сүйлөгөндүгү себеп болгон», — деди Жукова.

Такси айдоочусу ага карата агрессивдүү мамиле жасалып баштагандан кийин коркунучту билдирүүчү баскычты баскан.

Видеодо эки кишинин автоунаанын капталдагы айнектерин талкалап жаткандыктары көрүнүп турат. ИИМ өкүлүнүн айтымында, андан соң мушташ башталган. Ошондой эле алардын унаанын маңдайкы айнегин сындыргандыктары кабарланууда.

Учурда мушташтын катышуучулары соттук-медициналык экспертизадан өтүп жатышат. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси чечилет.