Билим берүү министри Эльвира Сариева журналисттердин алдында билим берүүдөгү реформалар тууралуу айтып берди — мектептеги китептерден тарта жогорку окуу жайлардагы сабак өтүү программаларына чейин.

Мектептер

Билим берүү жана илим министрлиги октябрдын аягында белгилүү бир мектептер муктаж болгон китептердин тизмесин ачык жарыялоону пландап жатат. Мекеменин маалыматы боюнча, 1-сентябрга карата мектептердин 78%ы тиешелүү китептер менен камсыз болгон. Буга байланыштуу Билим берүү министрлиги бардык авторлор үчүн «мүмкүнчүлүктөрдү ачууда» — эми так же гуманитардык илимдерди жакшы билгендер мектеп китептерин жазып чыгара алышат.

«Мектепте өтүлчү предметти билген, түшүнгөн жана жардам берүүнү каалагандардын бардыгы тең китептин өз вариантын сунуштай алгыдай кылып. Андан соң министрликте китептер өтө турган эки баскычтуу ылгоо болот. Биз аларды тестирлегенден кийин гана мектептерге сунуштайбыз», — деп билдирди Сариева.

Ошондой эле мектеп окуучулары интернет аркылуу пайдалана алгыдай кылып китептерге «автордук укуктарды» ачуу пландалууда. Учурда мекеме авторлор менен билим берүү материалдарын «ачык түрдө, бекер жана онлайн» берүү тууралуу беш жылдык келишимге кол коюп жатат.

Сариеванын айтымында, өлкөдө оңдоого муктаж мектептер дагы деле көп. 200 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөруү тууралуу программага киргизилген, алардын 66сы 1-ноябрга карата пайдаланууга берилет. Азыр мектептеги тамактандыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 300 мектепти тамактандыруунун жаңы формасына — ысык (шорпо), экинчи тамак, ысык суусундук (чай, какао), нан  — өткөрүү пландалууда.