Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары америкалык долларды 70 сомдон сатып жатышат — бул АКШ валютасынын баасынын Кыргызстандагы тарыхый максимуму. Улуттук банк кыргыз валютасы эл аралык валюталык рыноктогу күтүүсүз абалды «туруктуу» башынан өткөрүп жатканын билдирүүдө.

15-сентябрда Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун дээрлик 1,5 пайызга жогорулатты — эми АКШнын бир доллары 68,3 сомдон сатылууда. Ал ортодо Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары бир АКШ долларынын баасын 71 сомго чейин, а коммерциялык банктар 70 сомго чейин жогорулатып жиберишти.

Акча-кредит операциялары бөлүмүнүн башчысы Раушан Сеиткасымова орус рубли менен казак теңгесине салыштырганда кыргыз валютасы «туруктуу солгундоону» башынан өткөрүп жатканын билдирди.

«Улуттук банк валюталык интервенцияларды накталай эмес форматта коммерциялык банктарга гана жүргүзөрүн түшүнүү керек […]. Эгер биз мындан ары да ушундай солгундоолорду, коммерциялык банктар тараптан кыйла чоң суроо-талапты көрө бере турган болсок, анда Улуттук банк курстун кескин солгундоосун текшилөө үчүн интервенциялар менен чыгууга даяр», — деди Сеиткасымова.