«ИИМдеги Бауржан» тууралуу айтылган видеонун каарманы Ринат Букарбаевге карата «Бейбашчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына бир айга камалды. Букарбаевдин өзү болсо анда «милиция кызматкерлери чагымчылдык» кылгандыктарын айтууда.

Букарбаевге каршы кылмыш иши 21-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) тарабынан «бейбайчылык» беренесинин негизинде козголгон.

Аталган беренеге ылайык, ал айып пул төлөп, же 180 сааттан 260 саатка чейин коомдук жумуштарды аткарып, же болбосо эки жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратылышы керек болот.

Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун чечими менен Букарбаев №1 тергөө абагына бир айга камалды.

Бишкектин тургуну Букарбаев менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы чатакташуу 12-сентябрда Сүйүнбаев көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Милициянын версиясы боюнча, Букарбаев каршы тилкеге чыгып, автоунаасын милициянын унаасынын жолун тороп токтотуп койгон.

Милиционерлердин документтерин көрсөтүү өтүнүчүнө ал агрессивдүү мамиле кылып, аларды «ИИМдеги Бауржан» менен коркуткан — мунун бардыгы тең видеого тартылып алынып, интернетке жарыяланган.

«Ал ИИМдин кызматкери менен коркутуп, апасына телефон чалып баштаган. Бирок жыйынтыгында аны унаасына отургузушуп, Республикалык норкология борборуна алып барышкан — анда канында алкоголдун бар экендиги аныкталган», — деп билдирген буга чейин борбордук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Анна Жукова.

Букарбаевдин өзү Kloop.kgге курган маегинде анда мас абалында болгондугун мойнуна алган. Анын айтымында, бирок ал кезде автоунаанын рулунда ал болгон эмес, а аны агресссияга милиционерлер чагымдык кылышкан.

«Бардыгы тең видеодон менин агрессивдүү жүрүш-турушумду көрүп жатышат, анткени ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланышып, мага карата мыйзамсыз аракеттерди көргөн кызматкерлер тарабынан чагымчылдык болгон», — деген Букарбаев анда.

Ошондой эле ал анда «мама» деп айтпагандыгын жана Бауржан дегендин ким экенин билбестигин белгиледи.

«Анда «мама» деген сөздүн ордуна «Маник» деген сөз айтылган. Мен досум Манасты Маник деп айтам, анда таптак эле: «Маникке, чалчы» деп айтылган […] Ал эми ИИМдеги Бауржанды таптакыр билбейм», — деген ал.