№50 тергөө абагынан качып кеткен Данияр Кадыралиев «Дордой» базарынын аймагындагы рейддин жүрүшүндө өлтүрүлдү. Милиция базардын айланасындагы конуштарды 15-октябрдын түнүнөн бери курчап турат. Атайын кызматтагылар аймактан калган кылмышкерлерди издеп жатышат.

Kloop.kgнин видеотрансляциясы (аяктады):

Милиция абактан качкандар сакалсыз жана көз айнекчен кандай көрүнүшү мүмкүндүгүн көрсөттү

Милиция абактан качкан кылмышкерлердин эркиндикте жүргөндөрүнүн жаңы сүрөттөрүн таратты. Анда алардын сакалсыз жана көз айнекчен кандай көрүнүштө болуулары мүмкүндүгү көрсөтүлгөн.

16-октябрда колго түшүрүү маалында өлтүрүлгөн Данияр Кадыралиев сакалын алып салган - андан улам алгач аны башка кылмышкер, Азамат Мүсүралиев менен алмаштырып алышкан.

3C9ODC-u1XHUgMch-yY35A-article

Мүсүралиев Азамат Мамсетиович, 1987-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну. Улуту кыргыз. Мурда соттолбогон. Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 см. Көздөрү каралжын, чачы кара. Салттык эмес исламдын колдоочусу, таркатуучусу, тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

qgBEEHwzGhayaFpE93UR6g-article

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич, 1977-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну. Улуту кырыгыз, мурда соттолгон. Өзгөчө белгилери: Көзү каралжын, чачы кара, спорттук дене түзүлүштө, бою 170-175 см. Кыргызстанда 2012-жылдан бери тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

YxobUDYM4BhkUfpYYSWFcw-article

Абдырахманов Эдил Алимжанович, 1987-жылы туулган. Чүй облусунун Көк-Жар айылынын тургуну. Улуту кыргыз. Мурда соттолбогон. Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см. Арыкчырай, көздөрү каралжын, чачы кара. Бир көзү жок. Салттуу эмес исламдын активдүү колдоочусу жана таркатуучусу, тыюу салынган “Жайшул-Махди” партиясынын мүчөсү.

Тексттик трансляция:

(function(d, s, id) { var js, fjs = d.getElementsByTagName(s)[0]; if (d.getElementById(id)) return; js = d.createElement(s); js.id = id; js.src = "//wtrfall.com/widget.js?id=191"; fjs.parentNode.insertBefore(js, fjs); }(document, 'script', 'wtf-embed'));(function() { if (!window.WTF || !WTF.bootstrap || !WTF.bootstrap("wtf-broadcast-3717")) setTimeout(arguments.callee, 50); }());

Kloop.kgнин трансляциясынын биринчи бөлүгү:

Милиция 15-октябрь күндүн кечинен бери «Дордой» базарынын айланасы менен анын айланасында издөө иштерин улантууда, бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдарына ал аймактан абактан качкан кылмышкерлердин бирөөсүнө окшогон адамды көргөндүктөрү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

«Биздин кызматкерлер базардын өзүн жана анын айланасын текшерип жатышат. Ошондой эле «Дордойдун» жаңы конуштары, талаалар, жолдор жана Алма-Ата көчөсүн карап жатабыз, анткени кылмышкерлер качкандан кийин Ленинский айылын көздөй кетишкен. Бизде өзүбүздүн ыкчам иш-чараларды өткөрүү пландарыбыз бар», — деди Сейитов.

Учурда ал жакта Бишкек ШИИБсинин ыкчам тобу, Чүй облустук ИИБсинин жана атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери иштеп жатышат, деп билдирүүдө «АКИpress».

Бул акыркы үч күндүн ичинде милициянын Бишкектин бир бөлүгүн курчоого алып, качкан кылмышкерлерди экинчи жолу издеши. 14-октябрда алар абактан качкандарды Гареев атындагы борбордогу ботаникалык бакчадан издешкен, бирок анда эч ким табылган эмес.

Анда да ИИМдин басма сөз кызматы шаар тургундарынын бакчадан издөөдөгү кылмышкерлерге окшош адамды көргөндүктөрү тууралуу маалыматына таянган.

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунн Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №5 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кеткен. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылышкан. 16-октябрга караган түнү ал ооруканада көз жумду.

Алардын бешөөсү ошол эле түнү колго түшүрүлгөн, а калган төртөө дагы деле эркиндикте жүрүшөт.

Кийинчерээк Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү кылмышкерлер качкан маалда тергөө абагында электр жарыгы болбогондугун билдиришкен — болжолдуу маалыматтар боюнча, кылмышкерлер электр энергиясын өзүлөрү өчүрүшкөн.