Kloop.kgнин кабарчысы популярдуу америкалык «Во все тяжкие» сериалынын идеясынын негизинде ачылган Стамбулдагы кофейняда болуп кайтты.

Видеонун орус тилиндеги субтитрлери бар. Эгер алар көрүнбөсө Ютубдун плеериндеги баскычты басыңыздар.

Walter’s Coffee ал тууралуу 9gag жана Buzzfeed порталдарына сюжет чыккандан кийин чет өлкөлүктөрдүн арасында өзгөчө популярдуулукка ээ болгон.

«9gag жана Buzzfeed порталдарына сюжеттер чыккандан кийин бул жай кофени баалагандар арасында, ошондой эле сериалдын күйөрмандарынын арасында өтө популярдуу болуп калган», — деди кофейнянын кызматкерлеринин бири Ирен.

Стамбулдун Азия бөлүгүндө жайгашкан кофейня 2015-жылдын жазында ачылган. Анын концепциясы «кофе лабораториясы» болуп калган — Уолтер Уайттын «Во все тяжкие» сериалынын башкы каарманынын метамфетамин лабораториясынын аналогиясында.

«Менимче, сериал Түркия сыяктуу эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө популярдуу болгон. Ошондуктан Walter’s coffeeнин негиздөөчүсү кофейняны метамфетамин лабораториясы менен байланыштыруу чечимине келген  — алар маңзаттарын даярдашат, а биз кофе даярдайбыз», — деди Ирен.