Фейсбук тармагынын колдонуучусу өзүнүн барагына “I like to move it” ырына бийлеп жаткан адамдардын видеосун жүктөгөн. Анда жаш курагына карабастан өзгөчөлөнүп бийлеп жаткан кары кишини көрүүгө болот.

Kloop.kgнин кабарчылары видеонун башкы каарманы менен жолугушуп, маектешип келишти.

Хамит Абдибаитов Ноокат районунун Кашкалдак айылынын тургуну. Байбичеси менен 50 жылдан бери чогуу өмүр сүрүп келишет. Учурда алардын алты баласы, 18 небереси жана бир чебереси бар.

Абдибаитов кесиби боюнча технолог. Ал 1960-жылдары Роберто Лоретинин ырларын угуп, ошондон бери бийлеп келээрин айтат.

“Үйлөнүү тоюна бата бергиле деп [...] чалдарды алып барат. Гонорары чоң, 1000 сом беребиз десе, бийлей беребиз да”, — дейт ал күлүп.

Абдибаитов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маекте видеодо бийлеген киши өзү экенин ырастады.

 

Ноябрдын башында Абдибаитов кошо тартылган видео интернет колдонуучуларын кызыктырып, талкуу жарата баштаган. А видео болсо Фейсбукка ушул жылдын май айынын аягында жайгаштырылганын көрүүгө болот.