21-ноябрь күнү Аudi жана Mercedes Benz үлгүсүндөгү автоунаалар Горький жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде кырсыкка учурашкан.

Кырсык 21-ноябрь күнү күндүзгү саат 11лерде болгон. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Саит Айтбеков Шабдан Баатыр көчөсү менен катуу ылдамдыкта бара жатып Audi үлгүсүндөгү кызыл унаа менен сүзүшкөнүн мойнуна алды.

«Шашып кетип бул жактан чыккам, а сол тараптан катуу ылдамдыкта бир унаа чыга калды. Мен дароо эле тормоз бастым, ылдамдык абдан катуу болгондуктан ал рулду башкара албай калды. Ал спирт ичимдигин ичип алган болушу мүмкүн деген шектенүүлөрүм бар», — деди Саит.

«Аудинин» айдоочусу Нурбек Акулаков жол коопсуздук эрежесин Айтбеков бузган деп эсептейт.

«Горький менен шаардык МАИни көздөй бара жаткам, анан тигил жактан [Шабдан Баатыр көчөсүнөн] Mercedes чыга калды. Албетте, аныкы туура эмес — эреже боюнча бул менин жолум болчу», — деди Нурбек.

ЖККнын басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева билдиргендей, Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү кырсык болгон жерге барышкан, бирок автоунаа айдоочулары алардын окуяга кийлигишүүлөрүн каалашкан эмес.

«ЖКК кызматкерлери кырсык болгон жерге барышкан, бирок алар өз каалоолору менен биздин кийлигишүүбүздөн баш тартышты», — деди Бекмурзаева.

Видео: Владимир Цай