Асынып өлгөн жеринен табылган №50 тергөө абагынын мурдагы башчысы Иманкул Телтаевдин туугандары менен жактоочусу анын өлүмү тууралуу экспертизанын жыйынтыктарын көрбөгөндүктөрүн билдиришти.

Иманкул Телтаевдин туугандары анын өлүмүнүн жагдайлары боюнча маалымат жыйынын өткөрүшүп, Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат денесине экспертиза жүргүзүп, анын «асынып өлгөнүн» аныктагандыгын билдиришти.

«Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү ал асынып өлгөнүн билдирип жатышат, экспертиза да [аны] далилдеген, бирок экспертизанын жыйынтыктарын эч ким көргөн жок», — деп билдирди №50 тергөө абагынын мурдагы башчысынын тууганы Камчыбек Абелдиев.

Иманкул Телтаев 20-ноябрь күнү эртең менен №1 тергөө абагынын медициналык бөлүмүндөгү палатада асынып өлгөн жеринен табылган.

Абелдиев көз карандысыз экспертке шилтеме жасоо менен каза болгон адам асынып өлгөн болсо анын моюну сынышы керек болгондугун айтты.

«90 килограммдык салмак менен асынып өлгөндө анын сөөктөрү сынып кетмек экен. Биз анын чынында эле өз жанын кыйган-кыйбаганын аныктап чыгышыбыз керек, мүмкүн таптакыр андай болбогондур», — деди Камчыбек Абелдиев.

Ал Телтаевдин туугандары анын өз жанын өзү кыйгандыгы тууралуу айтылган версияга ишенбей жаткандыктарын кошумчалап, Башкы прокуратурадан анын өлүмү боюнча «объективдүү тергөө» жүргүзүлүшүн талап кылды.

«Биз анын өз жанын кыйганына ишенбейбиз. Өз өмүрүнө кол салып өлдү деген жаман аттын калышын каалабайбыз», — деп билдирди Телтаевдин тууганы.

24-ноябрда Башкы прокуратура тергөө абагынын ички тартиптеринин эрежелерин бузган деп №1 тергөө абагынын башчысынын милдетин аткаруучуга каршы кылмыш ишин козгогон.

«[Б.Т.] тергөө абагынын башчысынын орун басары менен медициналык санитардык бөлүмдүн терапевт даарыгерине Телтаев И.Аны кайтарылбаган палатага жайгаштыруу боюнча оозеки түрдө буйрук берген», — деп жазылган Башкы прокуратуранын пресс-релизинде.

Башкы прокуратура №1 тергөө абагынын башчысынын милдетин аткаруучуну тергөө абактын ички тартиптеринин эрежелерин бузган деп «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айыптап жатат.

Телтаевдин туугандары, ошондой эле маалымат жыйынына катышкан ЖАМКнын алдындагы байкоочу кеңештин башчысы Чолпон Өмүрканова эксперттер мекеме башчысы Алик Мамыркуловго каршы кылмыш ишинин козголушун талап кылышты.

«Мыйзамсыз айыптоолор»

Иманкул Телтаев 20-ноябрь күнү эртең менен №1 тергөө абагынын медициналык бөлүмүндөгү палатада асынып өлгөн жеринен табылган.

Телтаевдин уулу — Улан — «Азаттык» радиосуна курган маегинде атасы «окуянын курмандыгы» болгонун айткан.

«Мен атамдын асынып өлгөнүнө ишенбейм. Кечээ күнү саат 11:30дар чамасында жолукканбыз. Атам окуянын курмандыгы болуп калды. Ал тийиштүү кагаздар бар, аягына чейин чыдайм деп, боштондукка чыгаарына көзү жетип аткан», — деп билдирген анда Улан Телтаев.

Телтаев №1 тергөө абагына 11-ноябрда камалган болчу — ал  өзү жетектеп турган №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкердин качып кетишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинде айыпталуучулардын бири катары өтүп жаткан.

Анын жактоочусу Жумаков ага карата тагылган айыптоолор «мыйзамсыз» болгонун билдирди. Анын пикиринде, кылмыш иши «калыссыздык» негизде козголгон.

«№50 тергөө абагы террористтерди кармоого ылайыкташтырылган эмес, бул тууралуу Иманкул Телтаев өз каттарында бир нече жолу жазып, камералардын иштебестиги, телефон сигналдарын өчүрүү жабдуулары жок экени тууралуу кабарлаган. Бул тууралуу билип туруп ал жакка террористтерди жөнөтүшкөн», — деп билдирди Жумаков.

Премьер-министр Темир Сариев Коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча кеңештин жыйынында кылмышкерлердин качып кетишине байланыштуу ЖАМКнын ишмердүүлүгүнө баа берүү зарылдыгы тууралуу билдирип, системадагы «кемчиликтерди» жоюу тапшырмасын берген.

№50 абактан кылмышкерлердин качуусу

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусундагы Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кеткен.

Ошол эле түнү алардын бешөөсү колго түшүрүлгөн — көп өтпөй кармалгандардын үчөөсү белгисиз себептерден улам абакта каза болушкан. Жаза аткаруу кызматынын маалыматтары боюнча, алардын экөөсү жүрөк жетишсиздиги менен жабыркашкан, а үчүнчүсүнүн баш сөөгүндө жаракаты бар болгон.

Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшкөн, дагы бирөөсүн — Тилек Абылгазиевди оор жарадар кылышкан. Ал алган жарааттарынан улам көп өтпөй ооруканада каза болгон.

Абактан качкандардын үчөөсү — Данияр Кадыралиев, Азамат Мүсүралиев жана Алтынбек Итибаев — аларды колго түшүрүү операцияларынын жүрүшүндө атылып өлтүрүлүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Качкандардын дагы бирөөсү — Эдил Абдрахманов — 22-октябрда тирүү кармалган, колго түшүрүү маалында аны бутка атышкан.

№50 абактан кылмышкерлердин качуусу бир катар эксперттер менен журналисттердин арасында анын жагдайлары тууралуу суроолорду жараткан. Премьер-министр Темир Сариев ЖАМКнын жетекчилигинен түзөтүү мекемелери системасында реформаларды талап кылган.

Абактан качкандар кармалып, акыркысы атылып өлтүрүлгөндөн бир нече апта өткөндөн кийин Жаза аткаруу кызматы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылына курулган атайын №19 абакты ачып, аны журналисттерге тааныштырган.