Кыргызстан 9-декабрда Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүү күнүн белгилөөдө. Kloop.kg бул тема боюнча социалдык роликтердин топтомун топтоду.

Кыргызстанда «Коррупия — биздин жалпы көйгөйүбүз » аталышындагы социалдык роликтердин сериялары кыргыз укук коргоо органдарынын колдоосунда 2014-жылы чыгып, аны интернеттен бир нече миллиондогон колдонуучулар көрүшкөн:

Акыркы роликтин сюжети кырдаалдардын айкалышы боюнча Орусиянын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын Новосибирск башкармалыгынын буйрутмасы менен тартылган видеого окшоп кетет:

Медициналык билим берүү тууралуу кыргыз видеосу да жогорку окуу жайлардагы коррупция тууралуу молдовалыктардын эски ролигин эске салат:

Бир канча убакыт мурда казак режиссеру Сакен Жолдас тарабынан тартылган видео интернетте чоң резонанс жараткан. Ал эмес аны кыска метраждуу тасма деп да айтып жүрүшөт. Биздин топтомубузда кинематографиялуулугу боюнча ал чыныгы лидер.

Буга ишенүү кыйын, бирок коррупцияга каршы социалдык жарнама көңүлдү көтөрө алат.

Маселен, бул видео Орусиянын Нижневартовскунда өткөн тематикалык сынакта биринчи орунга ээ болгон. Жаман эмес идеясы менен таң каларлык ишке ашыруусунун айкалышы сиздин күнүңүздү көңүлдүү кылат.