Кыргызстандагы коррупциянын бир жылдык көлөмүнө 10 оорукана жана 200 мектеп курууга болот — мындай маалыматты БУУнун Өнүгүү боюнча агенттиги өз видеосунда келтирген.

БУУнун Өнүктүрүү боюнча агенттиги Кыргызстандагы коррупциянын масштабы тууралуу видео даярдаган. Анда эгер коррупция жок болгондо өлкөдө жылына канча социалдык объект курууга болмоктугу көрсөтүлгөн.

Эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, Кыргызстандагы коррупциянын жылдык көлөмү 700 млн. долларды түзөт — бул 200 мектеп же 10 оорукана, же 140 чакырым жол.

Видео 9-декбрда белгиленген эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата көрсөтүлдү.

Кыргызстандын бийлиги, анын ичинде президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын аягында коррупцияга каршы аесуз күрөш жарыялаган — андан бери депутаттар менен жогорку кызматтардагы чиновниктерге каршы бир топ кылмыш иштери козголгон.

Анткен менен акыркы сурамжылоолорго ылайык, кыргызстандыктардын көпчүлүгү коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктарын сезбей эле.

Тема боюнча: Коррупцияга каршы соцроликтердин топтому
Тема боюнча: Кыргызстан эки жылдан бери коррупцияны кабылдоо индексинде биринчи жолу жогору көтөрүлдү