Эльдана Сатыбалдиева Кыргызстандагы эң популярдуу инстаграм-аккаунтуна кирүү мүмкүндүгүн калыбына келтирди. Буга чейин анын блогун белгисиз адамдар бузуп киришип, андагы бардык билдирүүлөрдү өчүрүп салышкан. Азырынча баракчадагы сүрөттөр менен видеолор калыбына келтириле элек.

@eldana_foureyes деген ник менен белгилүү Сатыбалдиева инстаграм-аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүн 6-январь күнү эртең менен калыбына келтирди. Буга чейин белгисиз адамдар анын блогун бузуп киришип, андагы бардык билдирүүлөрдү өчүрүп салышкан болчу.

Эккаунттун ээсинин колуна өткөндүгү тууралуу блогдун жазылуучуларынын саны 500 миңге чейин жетип калыбына келтирилгенден кийин белгилүү болду, а Эльдананын өзү өз түшүндүрмөлөрү тартылган сүрөт менен видеосун жайгаштырды.

«Бул менин жашоомдогу эң жаман 12 саат болду окшойт. Балким силер бул жөн гана баракча, мынчалык кайгыруунун кереги жок деп ойлошуңар мүмкүн. Жок! Мен үчүн бул күн сайын миңдеген адамдар тарабынан ачылып жаткан жөн гана баракча эмес болчу. Мен ал профилди 10-класстан бери пайдаланып келгем. Инстаграм аркылуу менин кантип өсүп, кандай болуп өзгөргөндүгүмдү көрүүгө мүмкүн болчу», — деп жазды ал.

«Мен өчүрүлгөн билдирүүлөргө абдан ичим ачышып жатат. Андагы түшүнүксүз алгачкы сүрөттөр, ошол кездеги менин бултуйган бетим тартылган маанисиз видеолор. Ганишке рахмат, менин видеолорумду сактап калышты. Эми менин профилим жөн гана Кыргызстан менен Казакстандын бардык телефондоруна жайылып кетти», — деп уланткан Эльдана.

Андагы билдирүүлөр Эльдананын эккаунту белгисиз адамдар тарабынан бузулгандан кийин, 6-январь күнү түнкү саат бирлерде өчүрүлүп баштаган — ал баракчасынын бузулгандыгы фактысын жакында эле ачылган @eldana_kotoraya_foureyes блогу аркылуу ырастап, эккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготконун айткан.

Баракча бузулуп ачылган маалда анда 742 билдирүү бар болгон.

Эльдананын айтымында, эккаунтун бузуп ачкандар блог бекитилген электрондук даректи да өзгөртүп салышкан — бул тууралуу ал почтасына келген эскертүүдөн билген.

«Достор, чынында эле менин баракчамды бузушту. Бул менин экинчи баракчам. Ммм… билбейм. Өңүм абдан жаман, анткени мен 30 жыл ыйладым, акылга сыйбагандай сезилиши мүмкүн, бирок мен баракча үчүн ыйладым. Бирок баары бир, кыскасы, бул мен», — деген ал видеолорунун биринде.

Кийинчерээк Эльдана эккаунтундагы түшүндүрмөлөрү тартылган видеолорду өчүрдү.

Баракчасын бузуп ачкандар андагы видеолорду өчүрүп баштаганга чейин Эльдана «Снапчат» соцтүйүнүндөгү эккаунту аркылуу белгисиз адамдар анын билдирүүлөрүн өчүрүшү мүмкүндүгүн жана ал видеолорду «башка» баракчада сактоого аракет кылып жатканын билдирген.

«Анан мен инстаграмдагы баракчам жок эч ким эмес экенимди түшүндүм. Эгер менин баракчам жоголсо — анда бүттү, мен киммин, эмнемин?», — деген ал видеодо.

Баракчанын бузулгандыгы тууралуу биринчилерден болуп видеоблогердин курбусу — модель Айжан Асемова билдирген. Ал өз эккаунтуна Элдана өз баракчасына кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготконун жазып, анын жазылуучуларынан блогер тарабынан жарыяланган видеолорду сактап коюуларын өтүнгөн.

«Почтасын, номурун жана бүт баарын өзгөртүп салышты. Акырындап Эльдана жарыялаган биздин сүйүктүү видеолорубузду өчүрүп жатышат! Эгер Эльдананын баракчасында башкача бир нерсе болсо, анда ал өзү эмес», — деп жазган Асемова.

Эльдана интернетте күлкүлүү кыска видеолордун автору жана 500 миңден ашык колдонуучу жазылган Кыргызстандагы эң көп окурманы бары инстаграм-эккаунтунун ээси катары белгилүү.

Блоггер Жоомарт Ормонбеков өз жазууларынын биринде Эльдананын видеолорун «күндүн кызыктуу окуялары тууралуу 15 секунддук шедеврлер» деп атаган. «Бизде кечки сатиралык шоу болгондо Эльдана анын көркүн ачмак. А азырынча кайраттуу кыздын ар бир 15 секундуна кубанып туралы», — деп жазган анда ал

Соавторлор: Адилет Макенов жана Азамат Өмүралиев.