20-январда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Курманбек Бакиевди өткөрүп берүү талабы менен Беларустун элчилигинин алдында кезектеги митингин өткөрдү. Бул жолкусунда ал элчилик имаратынан алдына Беларус президенти Александр Лукашенкого деп «христиандардын мүрзөсүнө коюлчу чырым» алып келди.

Токтонасыров элчиликтин имаратына алып келген чырымдын бетинде Беларустун президенти Александр Лукашенконун ысымы жазылган.

Активист Kloop.kgнин кабарчыларына чырымды «Лукашенконун кара күнүнө» деп алып келгенин түшүндүрдү.

«Качандыр бир кезде [Беларус президенти] тигил дүйнөгө кетет. Мына, ага даяр материал!», — деди Токтонасыров.

Токтонасыровдун Беларус бийлигине койгон башкы талабы — Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевди өлкөгө өткөрүп берүү.

Активист 2010-жылдан бери мезгил-мезгили менен Беларустун элчилигинин алдында акцияларды өткөрүү менен мурдагы президенттин экстрадицияланышын талап кылып келет. Кыргызстандын бийлиги 2010-жылы эле Беларустун Башкы прокуратурасына Бакиевди өткөрүп берүү тууралуу расмий сурам жөнөткөн, бирок алар баш тартып коюшкан.

Бакиев Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган.

Автор: Айдана Апазбекова
Видео: Владимир Цай