Сурамжылоого ылайык, инвесторлордун Кыргызстанда бизнес жүргүзүүсүнө коррупция, ачык-айкындуулуктун төмөндүгү, бийликтин күтүүсүз аракеттери, коопсуздук деңгээлинин төмөндүгү, бизнести конфискациялоо тобокелдиги жана басмырлоо тоскоолдук кылат.

Бүткүл дүйнөлүк банк Чүй облусу менен Бишкектеги 300дөн ашык компаниянын (Кыргызстандан чыгып кеткен 100 жана учурда өлкөдө иштеп жаткан 200) арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Сурамжылоого катышкандардын көбү (84 пайыздан ашыгы) — бул кичи бизнес. Калгандары — орто жана ири ишканалар. Сурамжылоонун жыйынтыктары 2014-жылдагы маалыматтар боюнча түзүлгөн.

Сурамжылангандардын 80 пайыздан ашыгы же 300 инвестордун 240ы алардын бизнес жүргүзүүсүнө коррупция, ачык-айкындуулуктун төмөндүгү жана бийликтин күтүүсүз чечимдери тоскоолдук кыларын айтышкан.

«Терең тамырлаган коррупция, саясат менен өкмөттүн чечимдериндеги ачык-айкындуулуктун жоктугу жана күтүлбөгөн укуктук көзөмөл чөйрөсү инвесторлордун ресурстарын бизнестин өнүгүүсүнөн, жумушчу орундардын түзүлүшүнөн жана өнүгүүсүнөн алагды кылууда», — деп жазылган отчётто.

Ошондой эле чет өлкөлүк ишкерлер коопсуздук менен коомдук тарип үчүн кабатыр болушат — сурамжылангандардын 62 пайызы аны бизнес жүргүзүүдөгү тоскоолдук деп аташкан.

Сурамжылоого катышкан инвесторлордун 40 пайызга жакыны мүлктү конфискациялоо тобокелдиги жана жергиликтүүлөргө салыштырмалуу чет өлкөлүк ишкерлердин көбүрөөк басмырланышы учурлары тууралуу айтышкан.

Жөн гана рынокко кирүү…

Сурамжыланган инвесторлордун басымдуу бөлүгүндө — 90 пайызында — Кыргызстанда бизнес ачуу тууралуу маалыматтарга жетүүдө көйгөйлөр жаралган эмес.

Аны менен катар сурамжылоого катышкандардын 20 пайызы ишканасын каттоо процессинде пара бергендиктерин мойундарына алышкан.

Nizkaya-prozrachnost

Компанияларды каттоодон өткөрүү анын кандай жол менен жасала тургандыгына жараша 7 доллардан 250 долларга чейинки сумманы түзөт — бул процесс өз алдынча аракеттенүүгө караганда юридикалык фирмалар аркылуу аракеттенүүдө кымбатыраак болот.

Инвесторлордун 60 пайызга жакыны компанияларын каттоодон өткөрүү маалындагы мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү тажрыйбаларын «канааттандыраарлык» деп аташкан.

…бирок бизнес жүргүзүү кыйын

Сурамжылоонун маалыматтарына ылайык, мамлекеттик органдардын аракеттери Кыргызстанга акча салуу агымдарынын 86,6 млн. АКШ долларына кыскарышына алып келген.

Сурамжыланган инвесторлордун 37 пайызы расмий түрдө даттануу арыздарын беришкен.

Сурамжыланган ишкерлердин жарымынан көбү сот адилеттигинин механизмдерине болгон ишенимдеринин деңгээлинин төмөндүгүнөн улам бийликтин аракеттери боюнча даттанууга барышкан эмес: инвесторлордун пикирлеринде, алардын даттануулары талаш-тартыштарды адилеттүү чечип бермек эмес.

risk

Респонденттердин жарымынан азыраагы — 45 пайызы — бизнесин жабуу үчүн пара бергендиктерин мойударына алышкан. Бизнести жабуунун орточо баасы 200 АКШ долларынан 500 долларга чейинки сумманы түзөт. Сурамжылоонун маалыматтары боюнча, рыноктон чыгуунун эң жогорку баасы 10 миң долларды түзгөн.

Кыргыз рыногунан чыгууга бизнестин кирешесинин аздыгы, коррупция, мамлекеттеги ачык-айкындуулук деңгээлинин төмөндүгү менен анын аракеттеринин күтүүсүздүгү, укук тартибин же коопсуздукту камсыз кылуу жана жеке шарттар себеп болгон.

«Белгилүү бир ийгиликтер» жетишилген

Экономика министрлигинин алдындагы Инвестициялык саясатты башкаруу бөлүмүнүн башчысы Алымбек Орозбеков Кыргызстанда каатчылыкты жеңүүдө жана өлкөдөгү инвестициялык климат менен бизнес-чөйрөнү жакшырууда мекеме «белгилүү бир ийгиликтерге жетишкенин» айтты.

«Акыркы жылдары учурда активдүү иштеп, алгачкы жыйынтыктарды берип жаткан Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик ачылды, ошондой эле «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү жакшырды», — деди ал.

Кыргызстан жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан түзүлө турган дүйнөлүк «Бизнес жүргүзүү» рейтингинин «Бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги» категориясында 189 өлкөнүн ичинен 67-орунда турат.

Президенттин администрациясынын өкүлү Айбек Кадыралиев ишкерлер менен мамлекеттик орган өкүлдөрүн Бүткүл дүйнөлүк банктын сурамжылоосунун жыйыныктарын «жакшылап карап чыгып, көңүлгө алууга» чакырды.

Видео: Хлоя Гейне