Реалити-шоунун үчүнчү эпизодунда Кремний өрөөнүнө баруу үчүн акча издөө жана ири жарнама берүүчү менен макулдашуу тууралуу айтылат.

Ринат Тухватшин Kyrgyz Concept компаниясынын жарнамасын «Кыргыз стартабы» реалити шоусуна жайгаштыруу тууралуу макулдашууда. Стартапчылар жарнама сатуу менен Калифорнияга барып, ал жакта жашоо үчүн зарыл болгон акчаны табууга үмүттөнүп жатышат.

Үчүнчү эпизодунда — Ринат Тухватшин менен Кыргызстандын туризм тармагында лидер эсептелген Kyrgyz Concept компаниясынын башчысы Эмил Үмөталиевдин ортосундагы кызыктуу маек.

Бонус катары — бизнес жүргүзүү боюнча Үмөталиевден бир нече кеңеш. Ал алгач реалити-шоу менен кызматташуу шарттарын «ылайыксыз» деп атап, бирок кийин Тухватшин менен бир пикирге келип, дароо эле алгачкы жүз долларлык демөөрчүлүк акчасын тапшырды.

«Бул мындай эле, эч кандай прагматикалык пайда көрүү максаты жок эле, 100 — жөн гана өз эрким менен. Анан 200, 300, андан соң 400, акыркы 3 000 суммасына жетебиз», — деди ал.

Бул чыгарылыш тартылып бүткөндөн бир нече күн өткөндөн кийин Kyrgyz Conceptтин кызматкерлери Ринат менен Тилекке Бишкектен Сан-Франциского барып келүүгө баасы 780 АКШ долларын түзгөн билеттерди табууга жардам беришти — ал болуп көрбөгөндөй арзан.

Сан-Францискодо шоунун каармандары Viximity стартабын ийгиликке жеткирүүгө үмүттөнүп жатышат. Ал сервис ЖМКларга дүйнөнүн бардык жеринен журналисттер менен операторлорду таап, алардын жардамы менен ар түрдүү өлкөлөрдөн түз видеотрансляцияларды уюштурууга мүмкүндүк берет.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, Кремний өрөөнүндө жашоосу үчүн стартапчыларга 3682 доллардан кем эмес каражат табуу керек, учурда команданын карамагында ал сумманын үчтөн биринен азыраагы — 1100 АКШ доллары бар. Команданын Кремний өрөөнүндө комфорттуураак шарттарда жашап, эркин жылып жүрүүлөрү үчүн идеалдуу бюджет айына 9533 долларды түзөт.

Стартапчылар долбоор батыш инвесторлорун кызыктырып, алардан 600 миң долларлык инвестиция тартууга мүмкүн болот деп үмүттөнүп жатышат.

Ток-шоунун нөлүнчү жана биринчи эпизоддору февралда, экинчиси — 1-мартта жарыяланган. Алардан Viximity стартыбы жөнүндө кеңири маалымат берилип, Тухватшин өнөктөшү Бектур Искендер менен Калифорнияда жашоого канча акча талап кылына тургандыгын эсеептегендиктери жана Искендердин эл аралык TED конференциясына катышып, анда сөз сүйлөгөндүгү тууралуу айтылат.

Ал эпизоддорду «Фейсбукта» 12 миңден 23 миңге чейинки колдонуучулар көргөн.